Улуттун саламаттыгын калыбына келтирүү жана жугуштуу эмес ооруларга дарылоо чыгымдарын кыскартуу үчүн зыянды азайтуу концепциясынын негизги принциптерин Борбордук Азия өлкөлөрү колго алды. Казакстанда «Денсаулык» зыянды азайтуу боюнча улуттук ассоциациянын эксперттери концепцияны туура эмес тамактануу, чылым чегүү, алкоголь жана баңгизат сыяктуу негизги төрт багыт боюнча ишке ашыруудан бюджетке 85,5 млн доллардан ашык акча үнөмдөлө турганын эсептешкен.
«Дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле биздин өлкөдө инфекциялык эмес оорулар жумушка жарамсыздыктын, оорулардын жана адамдардын мезгилсиз өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. ЖЭО 25 жаштан 64 жашка чейинки республика калкынын 76,85 өлүмүнө себепкер болот, – деген профессор, КРга эмгек сиңирген дарыгер, жаштар арасындагы чылым чегүү, алкоголь жана фастфуддун таралышы боюнча изилдөөнүн автору Альфия Самигуллина анча жагымдуу эмес сандарды келтирет. – Ошол эле учурда, зыяндуу адаттарды жоюу менен жүрөктүн ишемикалык оорусунун, инсульттун жана II типтеги диабеттин 80% учурларын, ошондой эле, рак ооруларынын үчтөн биринин алдын алууга болот».
Эксперт чыныгы жашоодо жаман адаттардан ылдам эле арылууга болот деп ишенүү аңкоолук экенин белгилейт. Андыктан тобокелдиктерди баалоого жана өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү караганга үйрөнүү үчүн «кичинекей кадамдар» методу менен жашоо мүнөзүн өзгөртүү аркылуу зыяндарды акырындык менен азайтуу эң ылайыктуу жол. Зыянды азайтуу концепциясынын зор дарамети бар – бул шексиз чындык. Кеп аны кантип туура пайдаланууда турат.