Нарколог Кумыш Байшукурова: Алкоголизмди айыктыра турган сыйкырдуу дары жок
«Көз каранды адамдар үчүн кичинекей эле доза детонатор катары иштейт»
- Кумыш Долгорбековна, бүгүнкү күнү Кыргызстанда алкоголдук көз карандылыктын кандай түрлөрү кеӊири таралган
- Менин байкоолорум боюнча, жаштар арасында баӊгизатка көз карандылык кеӊири таралган. Психостимуляторлор тобуна таандык соль, мефедрон, амфетамин сыяктуу жаӊы химиялык баӊгизаттар пайда болду. 30 жаштардагы адамдар жана андан улуу муундун өкүлдөрү алкоголго көз карандылыктан жабыркап келет. Аялдар алкоголизми – бул өзүнчө категория. Эмне көбүрөөк ичиле турганын так айтуу кыйын. Биз пиво, шарап жана арак алкоголизми деп бөлүштүрөбүз. Ошондой эле, энергетиктер да көп таралган. Аларды кээде алкоголдук ичимдиктер менен аралаштырып ичишет, бул абдан коркунучтуу болуп саналат.
- Алкоголдук ичимдиктердин организм үчүн зыяны жок деп эсептелген жана көз карандылыктын өнүгүшүнө алып келбей турган өлчөмү болобу?
- Ооба, алкоголдук ичимдиктерди маданияттуу керектөөнүн алкагында жол берилген өлчөмдөр болот. Белгилүү нарколог-дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Евгений Михайлович Новиковдун маалыматы боюнча, спирт ичимдиктеринин бир күндүк алгылыктуу үлүшү эркектер үчүн 140 граммды, аялдар үчүн 70 граммды түзөт. Бирок мында башка тенденция байкалат. Ичкиликке көз каранды адамдар үчүн кичинекей өлчөм ичкиликти улантып ичүүгө түрткү болот. Адам 140 граммды татыйт жана көпкө токтотпой ичип кетет. Жаӊы жылда көптөгөн бейтаптар, жаӊы жыл түнү бир чөйчөк шампан ичсем болобу? - деген суроо менен чалышат. «Болот. Бирок ичкиликке байланыштуу көйгөйү жок адамдар менен гана», - деп жооп берем. Биздин организм зат алмашууга зарыл болгон бир аз өлчөмдөгү эндогендик спирт иштеп чыгарат. Бирок ал функцияны күн сайын алкогол менен «жабдый» берсе, анда акыр аягында ичкиликке көз карандылык пайда болушу мүмкүн.
- Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, күчтүү спирт ичимдиктерин ичүү 200 ашык ар кандай ооруларды пайда кылат. Анда ичкиликти ашыкча колдонуунун эӊ жаман кесепеттерин эске сала кетели.
- Алкоголдук ичимдиктерден дээрлик бардык маанилүү ички органдар: боор, жүрөк, уйку без жабыркайт. Кийин боордун циррозуна алып келиши мүмкүн болгон май гепатозу өнүгөт, бөйрөктөр иштебей калат. Борбордук нерв системасына жана перифериялык нерв системаларына байланыштуу кабылдоолор пайда болот. Айтсак полинейропатияда кыймыл-аракетти башкаруу бузулат, басыгы өзгөрөт. Адам эмоциялык жактан туруксуз болуп, көп кыжырланса уулуу энцефалопатия келип чыгат.
Тарамыш тырышкан талма түрүндөгү алкоголдук эпилепсия жана өлчөмүнөн ашыкча ичүүдөгү алкоголдук эстен тануу - акыркы баскычтардагы эӊ оор кесепеттердин бири.
«Бир дагы бейтап өзүн оорулуу деп эсептебейт»
- Сиздин көз карашыӊыз боюнча, аракечтикке кабылган бейтаптарды дарылоонун эӊ эӊ татаал жагы эмне?
- Эӊ татаал жагдайлардын бири – диагнозду моюнга алууну каалабастык. Мен Россияда иштеп келдим, ал жакта аракечтикти дарылоого бир аз башкача мамиле жасалат. Ал өлкөдө аракечтик - күрөшүү көп жагынан бейтаптын өзүнүн каалоосунан көз каранды болгон өнөкөт, прогрессивдүү, дээрлик айыкпай турган оору катары эсептелет. Ошондуктан дарыгердин кабыл алуусунда ичкиликтен жабыркаган адамдар көйгөйдү ачык эле моюнга алышат. Биздин өлкөдө болсо ичкиликке көз карандылыкты жашырганга аракет кылган тенденция бар. Адаттагыдай эле биздин бейтаптардын эч бири өзүн оорулуу деп эсептебейт. Алар бир аз эле ичебиз же жуманын аягында гана ичебиз жана анын эмнеси бар – бүт дүйнө жүзү ичет деп айтышат. Андыктан бүгүн биз дагы өзүбүздүн бейтаптарга: «Сиздики өнөкөт алкоголизм. Сиз көпкө токтотпой ичкенге жакынсыз, бирок сизде тандоо бар: дарыланып, ден соолугуӊузду сактайсыз же иче берип майып болуп каласыз». -деп ачык айтабыз.
- Кайсы баскычта адам өзүн өзү токтотот жана ичимдикке болгон каалоосун көзөмөлдөй алат?
- Уугуунун же мас болуунун жеӊил деӊгээлинде өзүн токтото алат. Бирок эгерде узакка ичип кете турган болсо медицинанын жардамы керек болуп калат – мас болуунун орто жана оор деӊгээли неврологиялык жана соматикалык бузулууларга алып келет.
Негизинен адамда жогорку умтулуу пайда болсо, алдына жакшы максаттарды койсо ичкиликти таштаганга жөндөмдүү. Кээ бирине динге кайрылуу зыяндуу адаттан арылууга жардам берет. Албетте бейтап кайра мурдагы абалына кайтып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Менин тажрыйбамда 20 жыл арак ичпеген киши пенсияга чыккандан кийин ичип кеткен учур болгон. Буга ар кандай жагдайлар – стресс, турмуштук оор кырдаалдар себеп болушу мүмкүн, же болбосо жөн гана «үй курдум, бак тиктим жана уулумду чоӊойттум, эми эс алышым керек» деген ой ушуга алып келиши ыктымал.
«Селсаякка айлантпай, дарылоо жана социалдаштыруу керек»
- Батышта коркунучтуу жүрүм-турумду коопсуз жүрүм-турумга алмаштырууну жана зыяны азыраак ыкмаларды издөөнү сунуш кылган зыянды азайтуу концепциясы жигердүү жайылтылып келет. Мисалы Германияда ичкиликке көз каранды адамдарга жардам берүү программалары иштейт, анда ашыкча ичүүгө жана бузулууларга жол бербеш үчүн дарыгерлердин кароосу алдында азыраак үлүштөгү алкогол берилет. Сиз ушундай ыкманы карап көрдүӊүз белет?
- Мен европалык өлкөлөрдөгү мындай иш тажрыйбаны байкап көргөм. Мисалы алардын дүкөндөрүндө ичкиликке берилгендер үчүн спирттин үлүшү азыраак ичимдиктер коюлган текчелер болот. Бул курч алкоголдук психоздун пайда болушунун алдын алууга жана адам өмүрүн сактоого жардам берет. Негизинен Европада мындай жарандарга гумандуу мамиле кылышат. Алар чындап эле абдан оорулуу адамдар. Ооба, алар кандайдыр бир турмуштук кырдаалдардын шартында өздөрүнө көйгөй жаратышкан, бирок бул аларга жардам берүүдөн баш тартыш керек дегенди билдирбейт.
- Кыргызстанда алкоголизмди кантип дарылайт?
- Биз дарылоонун орусиялык протоколун колдонобуз. Жардам сурап кайрылгандар психотерапиядан тышкары жылына эки жолу, күзүндө жана жазында медикамент курсунан өтүшөт, анда ичимдик ичүүгө каалоону төмөндөтүү үчүн дары-дармектерди суюк түрүндө венага алышат.же таблетка түрүндө ичишет. Бирок алкоголизмди айыктыра турган дары жок. Гипертония жана диабеттен жабыркагандарга өмүр бою дары ичүүгө туура келери баарына белгилүү. Мында да ошондой. Биз айыктыруу абдан татаал, аӊ-сезими жана жүрүм-туруму өзгөргөн, зат алмашуу бузулган оор өнөкөт оору менен күрөшүп жатабыз.
«Бакыт чөйчөктүн түбүндө эмес»
- Адам ичкиликтен алыстоону жаӊыдан гана ойлонуп жаткан учурда ага спирт ичимдиктерин ичүү тобокелдигин төмөндөтүү үчүн кантип жардам берүү керек?
- Эгерде медикаменттик колдоо жөнүндө айтсак, анда бул кадимки активдүү көмүр. Анын бир кыйла заманбап аналогдоруна энтеросорбенттер кирет – бул топтогу каражаттар тез соолугууга жардам берет жана организмден уулуу заттарды сыртка чыгарат. Аскорбин кычкылынын курамы жогору антипохмелин каражаты кеӊири колдонулат. Бирок аны сактык менен колдонуу зарыл - анын гастритке, жара ооруларына жана ашказан эрозиясына каршы көрсөтмөсү бар.
- Интернетте майрамдык дасторкондо алкоголдук ичимдиктерди кантип туура ичүү керектиги жөнүндө кеӊештер абдан көп. Биздин шарттарды эске алуу сиз кандай сунуш берет элеӊиз?
- Мен дайыма тойго баруудан мурда тамактанып алууга кеӊеш берем. Дасторкон үстүндө тез кызып жана ичкиликке уугуп калуудан сактануу үчүн эт, балык тамактарды, лимон, болгар калемпири, ашкөк сыяктуу С витамини көп азыктарды тандаш керек. Спирт ичимдиктерин газдалган суусундуктар менен ичүүгө болбойт – бул абалды гана начарлатат. Ал эми фермент каражаттары (панкреатин, фестал, панзинорм) жакшы пайдасын тийгизет. Алар тамак сиӊирүүгө көмөктөшөт жана организмден алкоголду чыгарууга жардам берет. Дагы эки маанилүү эрежени эстен чыгарбаш керек: алкогол ичимдиктерин аралаштырууга жана градусту төмөндөтүүгө таптакыр болбойт – антпесе эртеси кесепети өтө оор болот. Эӊ башкысы – ченемди билүү зарыл.
- Көбү стресстен арылуу үчүн ичери белгилүү. Сиз алкоголго кандай альтернатива сунуш кылат элеӊиз? Адамды башка эмне бактылуураак кыла алат
- Тилекке каршы, көп адамдар үчүн алкогол – эӊ арзан жана жеткиликтүү «антидепрессант». Бирок альтернатива сөзсүз бар. Мен бейтаптарыма сүйүктүү хоббиси менен алек болууга, фитнес-клубга же бассейнге барууга, табиятка же саякатка чыгууга, медитация кылууга же йога менен машыгууга кеӊеш берем – негизи мүмкүнчүлүктөр өтө көп, болгону өз жолуӊду табуу керек жана акырындык менен чыныгы бактылуулук чөйчөктүн түбүндө эместигин түшүнүү келет.