
Чылым чегүү, алкогол жана зыяндуу тамак кантип кем акылдык пайда кылат
Алкогол деменциянын өнүгүшүн тездетиши мүмкүн
Деменцияны XXI кылымдын жаӊы эпидемиясы деп эсептешет. Бир жагынан аны жашоо узактыгынын өсүшүнө байланыштырышат, оорунун өсүшүнүн башка себебин – алкоголь, чылым чегүү, туура эмес тамактануу сыяктуу зыяндуу адаттардан көрүшөт.
Уэйк Форест Университетинин Медициналык мектебинин окумуштуулары чычкандарга жасалган эксперименттер аркылуу алкоголь баш мээнин атрофиясын тездетүүгө жана уулуу белоктордун топтолушун көбөйтүүгө жөндөмдүү экенин далилдешкен. Андан аркы анализдер көрсөткөндөй, спирт ичимдигинин өнөкөт таасирин мээ начар жөнгө салат. Атүгүл бир аз эле колдонуу жандыктардын канындагы кантын деӊгээлин жана инсулинге резистенттүүлүк маркерин жогорулаткан. Бул Альцгеймер оорусунун гана эмес, 2-типтеги диабеттин, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын дагы тобокелдигин көбөйтөт.
Ден соолук үчүн тобокелдиктерди төмөндөтүү жана терс кесепеттердин алдын алуу үчүн адистер спирт ичимдиктерин көп ичпөөнү, алкоголу аз суусундуктарды тандоону жана ач карын ичпөөгө кеӊеш берет.
Тамеки чегүү кем акылдыктын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт
Адам канчалык көп чексе, карыгында алжып калуу коркунучу ошончо жогору болот. Kaiser Permanente америкалык медкорпорациясынын изилдөөчүлөрү ушундай жыйынтыкка токтошкон.
1978-жылдан 1985-жылдар аралыгында изилденген 20 миӊден ашык калифориялыктардын бейтап баянын талдоого алган окумуштуулар чегилген тамекинин саны менен Альцгеймер оорусунун түз байланышын аныкташкан. Айтсак, күнүгө эки кутудан ашык тамеки чегүү кем акылдыктын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн 157%, ал эми кан тамыр деменциясын – 172% жогорулатат. Ал эми тамеки тартпаган кишилерге салыштырмалуу жарымдан бир кутуга чейин чылым чеккендер деменциянын өнүгүшүнө карата 37 пайыздык, ал эми эки кутуга чейин чеккендер – 44 пайыздык жогорку тобокелдикке ээ болушкан.
Америкалык кардиологиялык ассоциация жүргүзгөн башка изилдөө, тамеки түтүнүнүн баш мээнин ишине тийгизген өтө зыяндуу таасирин аныктаган. Белгилүү болгондой, ал түтүн 6000 ашык химиялык бирикмелерди камтыйт, андан 70 түрү уулуу болуп саналат. Тамеки түтүнү кан тамырлардын карышуусуна жана кан айлануунун начарлашына алып келет, ал эми жетиштүү азык болбосо мээнин клеткалары өлө баштайт. Мындан тышкары, тамеки түтүнүнүн бирикмелери нейрондорду ичкертет. Андан улам электроимпульстар начар өтөт жана баш аламан кыймылдайт, бул кыжырданууну, унутчаактыкты жана көӊүл буруунун начарлашына себепкер болот.
Бир катар эксперттер тамеки чегүүгө зыяны азыраак альтернатива катары хиттерлерди аташат (тамекини ысытуу системалары), алар күйүүнү жокко чыгарат. Көз карандысыз изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, анда зыяндуу заттардын деӊгээли тамеки түтүнүнө караганда 95% аз болот. Бирок адистер когнитивдик бузуулардын алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн толук баш тартуунун маанилүүлүгүн баса белгилешет.
Жарым фабрикаттар жана чипстер Альцгеймер оорусунун тобкелдигин жогорулатат
Жогорку деӊгээлдеги иштетүүнүн өнүмдөрү атүгүл бир аз өлчөмдө дагы Альцгеймер оорусунун тобокелдигин жогорулатат. Мындай так байланышты 10 миӊден ашык адам катышкан илимий изилдөө аныктаган.
Көрсө азыраак иштетилген жана пайдалуу азык заттарга бай тамак-аш менен тамактанган адамдарга салыштырмалуу эӊ аз дегенде тамагынын 20% жогорку деӊгээлдеги иштетүү өнүмдөрүнөн турган адамдар 28% ашык когнитивдик иш-милдеттердин төмөндөө коркунучуна жана аткаруучулук көндүмдөрдүн төмөндөөсү боюнча 25% ашык жогорку тобокелдикке туш болушкан.
Когнитивдик оорулардын алдын алуу үчүн адистер жогорку деӊгээлде иштетилген өнүмдөрдү керектөөнү кыскартууга кеӊеш берет. Аларга жарым фабрикаттар, дүкөн таттуулары, ар кандай чипстер жана кургатылган токочтор, таттуу кебектердин бардык түрү, газдалган таттуу суусундуктар, тез даярдалган кесмелер жана пюрелер кирет.
Мээнин эрте картаюсунун симптомдору кандай болот
Деменция канчалык эрте байкалып жана аныкталса, акыл менен эс-тутумду сактап калууга мүмкүнчүлүк ошончо көп болот. Андыктан бөтөнчө симптомдорду өз убагында байкоо керек. Терапевт, медицина илимдеринин доктору жана сертификацияланган тренер Майк Бол эрте картайган мээнин беш белгисин санаган. Аларга төмөнкүлөр кирет:
Маанайдын тез өзгөрүшү. Адамдын көӊүлү себепсиз өзгөрүп турса, анда контроль жана эмоцияларды жөнгө салуу сыяктуу мээнин маанилүү иш-милдетинин бузулганынын айкын белгиси катары сактануу керек.
Теӊ салмактуулукту сактоодогу кыйынчылыктар. Орто жашка жеткенде теӊ салмактуулукту сактоо булчуӊ массасынын азайышынан же мээдеги дегенеративдик өзгөрүүлөрдөн улам кыйын болуп калат.
Эске тутуунун көйгөйлөрү жана унутчаактык. Узак мөөнөттүү эс-тутумдун жоголушу же кыска мөөнөттүү эстеп калууга жөндөмсүздүк мээдеги өзгөрүүлөрдү айтып турат. Баарлашуу көндүмдөрүнүн төмөндөшү. Бул сөз байлыгынын төмөндөшүнүн натыйжасы болуп эсептелет, бул ой-пикирин түзүү кыйынчылыктарына алып келет.
Мотивациянын жана апатиянын жоктугу. Узакка созулган апатиялык абал жана мурда кызыктырган жумушка же хоббиге кызыгуунун жоголушу биринчи белги болуп саналат.
Альцгеймер оорусун эрте баскычта аныктоого мүмкүндүк берген ар кандай тесттер да болот. Алардын эӊ жөнөкөй ыкмасы – сөз байлыгын текшерүү. Бейтаптын когнитивдик жөндөмүн баалоо үчүн 10 сөздү эстеп калуу жана кайталоо сунушталат. Эгерде адам кайсыл бир сөздү унутуп калса, аны ассоциациялык катар менен эстөөгө болот. Кокус ал дагы жардам бербесе, анда бул ченемден четтөө болгонун күбөлөндүрүшү мүмкүн.
Мээнин ишин кантип жакшыртыш керек
Мээнин иштешин сактоо үчүн сергек жашоо мүнөзүн кармануу керек: уйкуну кандыруу, күндүн режимин сактоо, туура тамактануу, спорт менен машыгуу, көбүрөөк сейилдөө жана стресстен качууга аракеттенүү керек.
Мындан тышкары, булчуӊдар сыяктуу эле мээ өнүгүүгө жана машыгууларга муктаж. Бул үчүн китеп окуу, логикалык маселелерди чечүү, шахмат ойноо, чет тилдерди үйрөнүү, татаал фильмдерди түшүнүүгө аракет кылуу, искусство жана музыка жарайт.
Мисалы шахмат мээнин көп бөлүктөрүн, анын ичинде адатта аз иштеген бөлүкчөлөрүн иштетүүгө мажбурлайт. Ошентип альтернативдүү чечим издөө көндүмдөрү, мейкиндик жана логикалык ой жүгүртүү, кабыл алуунун ылдамдыгы жана башка когнитивдик жөндөмдүүлүк машыгат. Ал эми китеп окуу жаӊы билим менен байытат, ишкер жана эпизоддук эс-тутумдун ишин жакшыртат, бул окуяларга жана аларга байланыштуу эмоцияларды эстөөнү камтыйт. Бул иштер деменциянын жана башка когнитивдик бузулуулардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтөт деп окумуштуулар эсептейт.