Коркунучтуу топтолуу: тамеки чайыры өпкөнү катип өлтүрөт жана талчалардын эмне тиешеси бар
– Саадат Качкынбаевна, тамеки чайырын жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп бересизби?
– Бул ар түрдүү химиялык бирикмелердин аралашмасы, биринчи кезекте, тамекини күйгүзүүдө пайда боло турган канцерогендерден турат. Анын ичинде, жыттуу көмүр суутектер, нитрозамин, синил кычкылы, оор металлдар жана башкалар бар. Ушул заттардын бардыгы адам тамеки тартканда түтүн менен чогуу өпкөсүнө кирет.
– Уулуу заттар жана Менделеев табицасынын жарымы организмге кирген кезде дем алуу органдарына кандай болот?
– Ысык чайыр бронханын ички капталдарына отурат, андан кийин муздайт жана канцерогендер менен уулларга толгон былжыр түрүндө тыгыз катмарды түзөт. Чылым чегүүчүлөрдө убакыттын өтүшү менен ушул жабышкак калдык топтоло берет жана өпкөнүн табигый тазалануусуна жолтоо кыла баштайт. Бронхалардын былжырында булгоочулардын киришине тоскоолдук кылган жана чоочун бөлүкчөлөрдү какырык менен сыртка чыгарып атайын талчалар «иштен чыгат». Бронхалар өздөрүнүн чоюлгучтугун жоготот, кысылат. Чылым чегүүчүнүн өпкөсү илешкээк массадан арылууга ийгиликсиз аракет кылган жөтөл, баскан кездеги энтигүү жана кычкылтек жетишсиздиги пайда болот.
– Ачык булактарда тамеки чеккен адамдын өпкөсүндө 3-4 кг чейин чайыр топтолот деген маалымат бар. Бул чынбы?
– Эгерде адам өспүрүм курагынан тартып узак жылдар бою тамеки чексе мындай дагы болушу толук мүмкүн.
– Тамеки түтүнүнүн компоненттери дем алуу органдарына жана жалпы организмге кандай зыян тийгизет?
– Чылым чегүү көптөгөн патологиялык процесстерди пайда кылат. Тамеки түтүнүндөгү зыяндуу химиялык заттар, көп учурда өпкө, ашказан, уйку бези, тил, эрин, көмөкөй рактары сыяктуу залалдуу шишиктердин пайда болушуна алып келет. Чылым чегүүчүлөрдө бронхит жана пнвемония көп кездешет, өпкөнүн өнөкөт обструкция оорусунун өнүгүшү жүрөт, бул дем алуунун оор кемчилдигине, майып болууга жана адам өлүмүнө себепкер болуп калышы мүмкүн. Уулуу чайырлар кан тамырларга катуу зыян келтирет, анын натыйжасында атеросклероздук тоскоолдуктар түзүлүшү ыктымал. Бул атеросклероз, тромбоз, инфаркт жана инсульт коркунучун жаратат. Жаман адат дүлөйлүккө, көрүүнүн сокур болгонго чейин начарлашына, эркек, аял тукумсуздугуна жана диабетке дагы алып келиши мүмкүн. Тамеки чегүүнү уланткан кош бойлуу аялдарда мөөнөтүнөн мурда төрөө, түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн кечеңдеши кезигет.
– Чылым чегүүчү менен бир бөлмөдө турган адамдын организмине тамеки түтүнү кандай таасирин тийгизет?
– Тобокелдиктер ошол эле, бирок айырмасы узак мөөнөттүү таасир этүүдө турат. Тамеки түтүнү дубалга сиңет, эмерекке, килемге, оюнчуктарга конгону коркунучтуу, мисалы оюнчукту балдар оозуна салышы мүмкүн. Аны тазалоо оор, нымдуу тазалоо дагы жардам бербейт. Ошондон улам тамеки чегилген бөлмөдө дайыма жүргөн бөбөктөрдүн ден соолугунда көйгөйлөр пайда болот.
– Чылым чегүүнүн зыянын азайтууга болобу?
– Бул абдан талаштуу маселе. Мисалы өндүрүшчүлөр керектөөчүлөргө никотин менен чайырдын төмөн курамы менен жеңил тамекилерди сунуштап жатат. Менин көз карашым боюнча, бул жөн гана маркетинг ыкмасы. Бардык тамеки ден соолукка зыян. Анын үстүнө чылым чегүүчүлөр көнгөн никотин дозасын алыш үчүн көбүрөөк чеге баштайт. Түтүн чыкпаган чылымдар кадимки тамекиге караганда азыраак зыяндуу деген пикирлер бар. Алар чындап эле чайыр бөлүп чыгарбайт, анткени тамеки күйгүзүлбөйт, бирок никотин эч жакка кеткен жок да. Ал эми жаштар арасында бир жолу колдонулуучу тамекилердин жайылышы кооптонуу жаратат.
– Тамеки чайырынан өпкөнү тазалоонун жолдору барбы?
– Анын ичинде эң жөнөкөй жана кеңири таралган ыкмалар – сууну көп ичүү жана антидоксидантка муктаждыкты толуктоо, чылым чегүүчүлөрдө алар абдан көбүрөөк сарпталат. С,Е витаминдерин жана магний кабыл алуу керек. Организмден токсиндерди чыгарууга сүт азыктары, жашылча, жемиш, ашкөк жана буурчак жардам берет. Ал эми кызыл этти азайтуу жана тоок же майы аз балык этин жеген пайдалуу. Өпкөнүн зарыл көлөмүн көбөйтүүгө дем алуу гимнастикасы жана сууга сүзүү жардам берет. Эгерде тамеки чегүүдөн толук баш тартылса, бардык ушул сунуштамалар мындан дагы таасирдүү болот.
– Тамеки чеккендерге эмне айтат элеңиз?
– Чылым чегүү көптөгөн коркучунтар менен коштолот жана жашоонун сапатын төмөндөтөт. Бирок таштап салууга эч качан кеч болбойт. Тамекини канчалык эрте таштаса, организмде кайра калыбына келүүгө ресурстар ошончолүк көбүрөөк болорун эч унутпаңыздар.