Эксперттен сура
Тез жардамды качан чакыруу керек жана качан күтө турууга болот?
Өзүн жаман сезүү дайыма эле тез жардам чакырууга себеп боло бербейт. Кээде кырдаал чындап эле критикалык жана ар бир мүнөт маанилүү болсо, кээде кырдаалды жөн гана терапевт менен жолугушуу аркылуу чечип коюга болот. Тез жардам бригадасынын кийлигишүүсү жок мүмкүн эместигин же пландуу каралууну эле күтө туруу керектигин кантип билсе болот? Бул суроого Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Болот Абдылдаев жооп берди.
Тез жардамды кантип чакыруу керек?
Өзгөчө кырдаалда тез жана туура иш-аракет кылуу зарыл. Көп учурларда адамдын ден соолугу гана эмес, анын өмүрү да кылган иштен көз каранды болот. Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Болот Абдылдаев тез жардам кызматын кантип туура чакыруу менен алардын ыкчам келишин камсыздоо керектигин айтып берди.