
Тез жардамды качан чакыруу керек жана качан күтө турууга болот?
Өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаралган учурларда гана медициналык тез жардам кызматын чакыруу керек. Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
- Эсин жоготуу
- Көкүрөктүн катуу оорушу, инфаркттын болуу ыктымалдыгы
- Инсульттун белгилери (дене мүчөлөрүнүн шалдыроосу, сүйлөөнүн начарлашы, буту-колдун алсыздыгы)
- Катуу аллергиялык реакция (шишик, дем алуунун начарлашы)
- Титирөө
- Оор жаракаттар, кан жоготуу
- Катуу күйүк алуу
- Уулануу, дары-дармекти ашыгы менен ичүү
- Дем алуунун кыйындашы, тумчугуу
- Курч психикалык реакция.
Качан терапевттин кароосун күтө тууруу керек?
«Бул өмүргө коркунуч жаралбаган учурлар. Мисалы, чоң адамдын дене табынын көтөрүлүшү тез жардам чакырууга себеп эмес. Ошондой эле гипертониялык бейтаптын кан басымынын бир аз жогорулашы да чакырууга негиз боло албайт. “Мындай учурда бейткапканага барып дарыгерге каралган жакшы”, - деп түшүндүрдү адис.
Кырдаалдын чындап эле кооптуу экенин кантип билсе болот?
«Мисал келтирип көрөлү. Эгерде баш оору беттин чымырашы менен коштолуп, сүйлөөнү башкаруу кыйындап, буту-колу жакшы иштебей калса, демек - инсульттан шектенип, дароо тез жардам чакырышыңыз керектелет. Ал эми башыңыз балким жөн эле чарчоодон улам ооруп жатса, бул кадимки баш оору жана ага ооруну басаңдатуучу дары-дармек жардам берет”, - дейт дарыгер.
Эгер кандайдыр бир кырдаалда тез жардам керекпи же жокпу так билбей жаткан болсоңуз, каалаган учурда 103 телефонуна чалсаңыз болот. Медициналык билими бар диспетчер симптомдорду тактап, кеңеш берет жана тез жардам бригадасын жөнөтүү зарылбы же жокпу деген чечимди чыгарат.