blog

Тез жардамды кантип чакыруу керек?

Өзгөчө кырдаалда тез жана туура иш-аракет кылуу зарыл. Көп учурларда адамдын ден соолугу гана эмес, анын өмүрү да кылган иштен көз каранды болот. Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Болот Абдылдаев тез жардам кызматын кантип туура чакыруу менен алардын ыкчам келишин камсыздоо керектигин айтып берди.

Кыргызстан боюнча тез жардам кызматы каалаган байланыш телефондордон, стационардык же мобилдик телефондордон 103 номуру аркылуу чакыруу каралган. Ошондой эле бирдиктүү тез жардам – 112 номери бар, ал чалууларды бардык ыкчам жардам кызматтарына жөнөтөт.

«Тез жардамды чакырып жатканда сиздин так жана туура маалымат беришиңиз абдан маанилүү. Биринчи кезекте - окуя болгон жер же бейтаптын учурдагы жайгашкан дареги зарыл. Ал толук жана так болушу керек: көчөсү, үй номери, батир, подъезд, кабаты. Эгерде чалуу көчөдө болсо, жакын жердеги болжолдуу жерди көрсөтүү керектелет», — дейт Болот Абдылдаев.

Ошондой эле бейтап жөнүндө маалымат так берүү керек: эгер сизге белгилүү болсо - фамилиясы, болжолдуу жашы. Ошондой эле өзүңүздүн маалыматыңызды берүүнү унутпаңыз: аты жөнүңүздү, бейтаптын кимиси болооруңузду жана кайра байланыш үчүн телефон номериңизди калтырыңыз. Мындан тышкары тез жардамды кечиктирүүчү катачылыктардан оолак болуу да маанилүү.

«Негизги ката – тынчсызданып өзүн-өзү жоготуу, мындай учурда адам маалыматты так жеткире албай калат. Дагы бир кеңири жайылган көйгөй – чалууда даректи так эмес көрсөтүү, бул тез жардам бригадасынын келүү убактысын создуктурат. Көбүнчө чалгандар эмне болгонун так сүрөттөп бере алышпайт, ошондуктан тийиштүү бригаданы тандоо кыйынчылык жаратат», - деп белгиледи адис.

Чалуудан кийин эмне кылуу керек?

Чакыруу жасалгандан кийин ал телефонду өчүрбөңүз – анткени диспетчер окуянын чоо-жайын тактап чалып калышы мүмкүн. Тез жардам бригадасынын бейтапка тоскоолдуксуз кирип келишин камсыз кылыңыз: дарбазаны, каалганы, эшикти ачыңыз. Зарыл учурда, кандай аракет кылыш керек экендигин билсеңиз, бейтапка биринчи жардам көрсөтүңүз. Дарыгерлердин келишин күтүңүз.