
Тамакка көз карандылык. Тамактануу адаттары кайдан келип чыгат – психолог менен маек
Бала кезден келген көйгөйлөр
Тамак-аш көз карандылыгы – бул абдан көнүмүш болуп калган тамактануу адаттары: тамакты чоӊ көлөмдө жеп-ичүү, дайыма белгилүү гана азык-түлүктөрдү жана суусундуктарды колдонуу, абдан катуу эмоциялык абалда тамак жеп же суусундук ичүү. Көбүнчө бул адам курсагын тойгузуу үчүн эмес, башка максаттар үчүн тамак жеген тамактануунун деструктивдүү жүрүм-туруму болуп саналат. Ал кандай максаттар?
– Тамак-аш көз карандылыгы ар кандай болот. Биринчи кезекте, бул эмоциялык ашыкча тамактануу, аны «эмоция жейт» деп коюшат. Мында сөзсүз эле кандайдыр бир жагымсыз окуяга же терс көрүнүшкө байланыштуу эмес. Иштер жакшы жүрүп жатса да бул кимдир бирөө үчүн торт кесимин жегенге шылтоо болот, - деп айтып берди тамактануу жүрүм-турумун психологиялык жөнгө салуу адиси Мария Кирьяк. – тамактануунун бузулушунун экинчи түрү – экстерналдык ашыкча тамактануу. Мында адам даамдуу тамактын жанынан кыя өтө албайт. Ал идиштен конфеттерди таттууну каалагандан эмес, көзүнө чалдыга берген үчүн чогултуп алат. Айтмакчы мындай «алсыздыкты» маркетингде кеӊири колдонушат. Соода борборунда корица себилген жаӊы таттуу көрүнө жерде турат, тез татым жанында ширелүү бургер жана газдалган суусундук тартылган баннер илинип турат. Андыктан адам ачка болбосо дагы мурунду жарган жытка же тамактын сүрөтүнө кызыгат: барып сатып алат да жейт. Эмоциялык жана экстерналдык ашыкча тамактануу дагы тамак-ашка карата мамиленин деструктивдүү түрү болуп саналат.
– Башка көз карандылык сыяктуу эле, тамак-ашка берилүү жок жерден пайда болбойт. Эмнеге тамакка кызыгуу келип чыгат?
– Көп көйгөйлөр бала кезден келген. Мисалы бала жыгылып кетип, тизесин оорутуп ыйлайт, апасы аны сооротуу үчүн конфет берет. Сооротуунун мындай ыкмасы адатка айланат: эгерде бир жерим ооруса, кыйналсам, таарынсам тамак жешим керек деген ой калыптанат. Бул химиялык деӊгээлде ушундай иштейт. Стресс болгондо организмде картизолдун деӊгээли көтөрүлөт, ал кубанычтын гормону – серотин менен төмөндөйт. Аны алуунун эӊ ылдам, жеткиликтүү жана жөнөкөй жолу – даамдуу бир нерсе жей калуу. Бирок мындай серотин бир аз эле иштейт жана тез эле организмге жаӊы таттуу «доза» талап кылынат. Мында айланпа келип чыгат. Андыктан өзүӊдү кубантуунун сапаттуу гормонун иштеп чыгуу үчүн тамакка байланышпаган башка жолдорун издеш керек.
Тыюу салынган жемиш таттуу болот
– Үй-бүлөдөгү дагы кандай туура эмес адаттар тамак-аш көз карандылылыгын өнүктүрүүгө алып келиши мүмкүн?
– Бала өсүп келе жаткан ар кандай куракта табигый түрдө ата-энеси менен эмоциялык жактан жакын болууга муктаж. Ошондуктан аларга умтулат, бирок апасы же атасы балага көӊүл буруу жана колдоо үчүн колу бошобойт. Чоӊ адамдар баланын жашоосундагы бул кемчиликти таттуулар жана акча менен толуктоого аракет кылышат: «Ме шоколад», «Балмуздак сатып ал», «Досторуӊ менен кафеге барып кел», – деп жооткотушат. Балдар эмоциялуу чөйрөдө өздөрүнө жетишпеген нерселерди даамдуу тамакка алмаштырганды үйрөнүшөт. Алар чоӊ адам болгондо дагы бу эсинде кала берет, мисалы ажырашып кеткен аялдар өздөрүн таштап коет жана капалыгын тамак менен бастыра баштайт.
Эгерде ата-эне дени сак баланын рационунан шоколад, снек жана фастфуд азыктарын катуу чектеп койгон шартта дагы, тамакты туш келди жерде ашыкча жана муктаждык жок эле жеп көнгөн адаттын тескери таасири болот. Бирок тыюу салынган жемиш таттуу. Ата-эненин көзөмөлү бошой түшкөндө чектөөнү бузууга мүмкүнчүлүк пайда болот, адам жол жүрүп ачка болгон жолоочудай «тыюу салынган» тамактарды жей баштайт. Ушундай эле тамактануу адаттары баш аламан токсонунчу жылдарды башынан өткөргөн адамдарга таандык. Ал кезде көбү картошка жана кесме менен тамактанып, чүйгүн даамдарды сатып ала алышкан эмес, ал эми колбаса кесими барчылыктын белгиси болуп калган. Бирок ал оор учурлар өттү, бирок каалабаса дагы экинчи табакты түгөтүү адаты кала берген.
Ойлонууга себеп бар учурда
– Кандай куракта тамактануу көз карандылыгы көбүрөөк пайда болот?
– Өспүрүм курак – эӊ аялуу учурлардын бири. Заманбап дүйнөдө стресс кырдаалдар абдан көп, тилекке каршы, ушул эмоцияларга туруштук берүүгө балдарды үйдө да, мектепте да үйрөтүшпөйт. Андыктан алар эмоциялык чыӊалууларды өздөрү билгендей, анын ичинде, тамак менен басууга аракет кылышат. Бул фигуранын түзүлүшүнө гормондор өз салымын кошкон бой жетүү мезгилине туура келиши мүмкүн. Бала толуп бара жатканын түшүнөт, андан жаӊы стресс алат жана аны тамак менен басууну улантат. Ошентип жылыш болбойт. Ата-энелердин түшүнбөстүгү жана жемелөө кырдаалды гана тереӊдетет. Мунун баары көйгөйдү тамак менен басууга түрткү болот, же тамактануу жүрүм-турумунун бузулушуна: анероксияга же булимияга алып келиши мүмкүн.
– Сиздеги тамак-аш көз карандылыгын кантип түшүнүү жана көйгөйдү көтөрүү керек?
– Адатта адам күзгүдөгү элесин, таразадагы салмагын же сантиметр сызмасын карап алып тынчсыздана баштайт. Бирок табактагы тамактын курамын канча эрте ойлонсо, ошончо жакшы. Атүгүл организм кайсы бир мезгилге чейин бардык тамак-ашты кайра иштетип энергияга айланта алса дагы, убакыттын өтүшү менен ашыкча тамак фигурага таасир эте баштайт. Белгилүү бир жаш куракка карата көйгөй анык көрүнөт, ал эми адаттар бекем калыптанып калат.
Физиологиялык жана психологиялык өзгөрүүлөрдөн улам кош бойлуулук жана төрөт убагында тамактанууга өзгөчө көӊүл буруу керек. Атүгүл көп күттүргөн кош бойлуулук дагы болочок эненин эмоциялык абалына катуу таасир этет жана кармана албагандай күчтөп тамактануу менен коштолушу мүмкүн. Таӊ калычтуусу, ата болгон эркектер дагы көбүнчө салмак топтоп алат. Эгерде алар ата-энелик ишке тартылбаса, анда көӊүлүнө жаккан эрмек издейт – достору менен пиво ичкени барат, компьютер оюндарын ойнойт же тамак-аш алдырып алып, диванда эс алып жата берет. Мындай жашоо мүнөзү сырткы көрүнүшүнө жана ден соолукка таасир этет.
Негизи кайсы куракта жана кандай формада болсо дагы өзүӊдө тамак-аш көз карандылыгы бар жоктугун текшерип коюу ашыкча болбойт, кокус андай адат табылып калса, анда аны менен күрөшүүнүн жөнөкөй жана натыйжалуу жолун колдонуу керек.
Атайын психологиялык техникалар, «кооптуу» азык-түлүктөр жана тыюулардын пайдасыздыгы жөнүндө уландыдан окуӊуздар.