
Кыргызстанда вейпка тыюу салынды. Канткенде мыйзамдын чегинен чыкпоо керек?
Тагыраагы эмнеге тыюу салынган жана анын кесепети кандай болот?
Бул тыюу никотини бар же жок болсо да суюктук менен иштеген бардык электрондук тамекилерге жана вейптерге тиешелүү. Мындай чечимди кабыл алууга жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, анын ичинде мектеп окуучуларынын арасында вейп колдонуунун жайылышынын көйгөйү себеп болгон. Анда вейп колдонуу менен байланышкан суюктуктун агып кетиши, химиялык күйүүлөр, ал тургай өндүрүштүн сапатын контролдоо жетишсиз болгондуктан, батареянын жарылуусу сыяктуу тобокелдиктер да белгиленген. Мыйзамды бузгандыгы үчүн сатуучуларга да, колдонуучуларга да айып салуу каралган. Ошондой эле, электрондук тамекилерди сатуучуларга гана эмес, коомчулук алдында электрондук тамекини жана анын суюктуктарын колдонууга да тыюу салынган.
Хиттер вейптен эмнеси менен айырмаланат?
Вэйптерге тыюу салынганына карабастан, тамекини жылытуу системалары - хиттер - Кыргызстанда дагы эле жеткиликтүү. Хиттердин вейптин негизги айырмачылыгы, анда суюктук эмес, чыныгы тамеки ысытылат. Натыйжада түтүндүн ордуна курамында салттуу тамекилерге салыштырмалуу 95% азыраак зыяндуу заттан турган аэрозоль бөлүнүп чыгат.
Вэйптен айырмаланып, хиттерде тамеки 300-350 градуска чейин ысытылып, күйүү температурасына жетпейт (кадимки тамекиде 900 градуска жакын). Ушуга ылайык, аэрозолдун курамында уулуу чайырлар жана канцерогендердин жогорку концентрациясы жок болгондуктан, ден-соолукка зыянды кыйла азайтат.Вэйптен айырмаланып, хиттерде тамеки 300-350 градуска чейин ысытылып, күйүү температурасына жетпейт (кадимки тамекиде 900 градуска жакын). Ушуга ылайык, аэрозолдун курамында уулуу чайырлар жана канцерогендердин жогорку концентрациясы жок болгондуктан, ден-соолукка зыянды кыйла азайтат.
Мындан тышкары, хиттер жагымсыз жыт жана түтүн чыгарбайт, андыктан айланадагыларды пассивдүү тамеки чегүү тобокелдигинен куткарат.
Эмне үчүн кадимки тамекиге кайтып келүүгө болбойт?
Эксперттер жана дарыгерлер вейптерге тыюу салынгандан кийин салттуу тамекиге кайтып келүү эң жаман вариант экендигин бир добуштан билдиришүүдө. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамеки тартууга кыска мөөнөттүү кайтып келүү да жүрөк-кан тамыр ооруларын, рак жана өнөкөт респиратордук оорулардын тобокелдигин жогорулатат.
Тамекинин кутучаларындагы коркунучтуу сүрөттөр азыр эч кимди деле коркутпай калды, бирок статистика өкүнүчтүү: тамеки чегүү рактын ондогон түрү менен байланышкан жана болжол менен эрте өлүмдүн ар бир төртүнчүсүнө ал себеп болуп саналат.
Дагы кандай жеткиликтүү альтернативалар калды?
Хиттерден тышкары, никотиндин зыянын азайтуунун дагы башка жолдору бар, мисалы, никотинди алмаштыруучу терапия – денеге жабыштырчу пластырь, сагыз жана никотин кошулган момпосуйлар.
Анткени менен тамеки чегүү адатына эң жакын альтернативалардын бири хиттер - ден соолукка коркунучту азайтууну каалаган, бирок никотинди толугу менен таштоого даяр эместер үчүн эң ылайыктуу чечим болуп саналат.
Ушуга ылайык, вейпке тыюу салуу калк арасында жаман адаттарды азайтуу боюнча мамлекет тарабынан киргизилген маанилүү кадам болуп саналат. Бирок никотинди толугу менен таштоого даяр эместер, тамекиге кайтып келүүдөн качуу менен анча кооптуу эмес варианттарды тандоосу зарыл.