
Вейп мыйзамсыз. Тамеки тарткандар үчүн кандай альтернативдүү жолдор бар?
2025-жылдын июль айынан баштап Кыргызстанда вейптерди ташып келүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзам иштей баштайт. Бул мыйзамды бузгандарга административдик айып салуудан баштап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин жаза каралат. Мисалы, вейп менен кармалган керектөөчүлөр 10 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылышы күтүлөт. Ошентип, тамекиге каршы күрөшүүчү мыйзам аны таштоону каалабагандар үчүн: кадимки тамекиге кайтып келүү же никотинди керектөөнүн зыянын азайтуучу жолду издөөнү талап кылат.
Хиттер, же тамекини жылытуу системалары, бул тыюу салуулар таасир этпей турган жалгыз мыйзамдуу жол болуп саналат. Ал дагы вейп сыяктуу эле күйүү процесси жок, түтүнсүз ишке ашат. Алардын айырмачылыгы, вейпте никотин камтыган суюктук колдонулат, ал эми хиттерде табигый тамеки гана колдонулат.
Эксперттердин баамында, тамекини жылытуу системасын колдонууда аны тарткандардын ден соолугуна тийгизген зыян кыйла азаят да, алардын айланасындагылар пассивдүү тамеки тартуу коркунучуна кабылбайт. Анын сыры мындай аппараттардын иштөө принцибинде. Тамеки таякчаларын ысытуу температурасы 350 градустан ашпайт. Ошону менен бирге ал тамекинин түтүнүнө караганда 95% аз уулуу заттарды камтыган аэрозолду пайда кылат. Кадимки эле тамекилерге салыштырмалуу, хиттерди колдонуу жеңил жана таякчалардын даамдарын көптүгү менен айырмаланат.
Ал эми вейпти чегүүгө тыюу салынгандан улам “эски ыкмага” кайтып келүү эң жаман адат болуп саналат. Окумуштуулардын пикирине караганда, салттуу тамеки тартуу – никотинди колдонуунун эң зыяндуу жолу. Анткени тамеки күйгөндө 7000ден ашык химиялык заттар, анын ичинде чайыр, көмүртек кычкылы жана оор металлдар пайда болот. Бир катар оорулардын өнүгүшүнө алып келип жаткан башкы себеп дагы никотиндин өзүндө эмес, ушул күйүү продуктуларында жатат. Изилдөөнүн негизинде тамекинин түтүнүндөгү 70ке жакын канцероген рак оорусун пайда кылаарын далилдеген. Тамеки чегүү өпкөнүн 85% рак оорусун пайда кылат жана уйку безинин рагынын эки эсеге көбөйүшүнө, ооз, кекиртек жана кызыл өңгөчтүн рак менен жабыркоосунун тобокелдигин 10 эсеге көбөйтөт.
Электрондук тамекилерге тыюу салынгандан кийин эмнеге өтүү чечими ар бир адамдын өзүнө көз каранды. Албетте, эң жакшысы тамекини толугу менен таштоо. Бирок кандайдыр бир себептерден улам бул мүмкүн болбосо, анда тобокелдикти азайткан илимий жактан далилденген альтернативдүү жолду тандоо маанилүү.