Секс-оюнчуктар тууралуу Кыргызстанда эӊ көп таралган 10 имиш
№1 имиш: Секс-оюнчуктар жалгыз бой аялдарга гана арналган.
Чындык: Секс-оюнчуктарды жынысына жана макамына же ориентациясына карабастан бардык адамдар колдоно алат. Көптөгөн түгөйлөр аларды сексуалдык жашоосун кызыктуу кылуу жана бирге ырахат алуу үчүн пайдаланышат. Бул эмоциялык байланышты күчөтөт жана жеке жашоого жаӊылык киргизет.
№2 имиш: Секс-оюнчуктар аялдардын ооруларын пайда кылат.
Чындык: Оюнчуктарды туура колдонууда жана кам көрүүдө эч кандай оору пайда болбойт. Мында гигиена эрежелерин сактоо жана сапаттуу материалдардан жасалган оюнчуктарды пайдалануу маанилүү. Ал эми туура сексуалдык көӊүл ачуу ден соолукту сактоого, стресстен жана чыӊалуудан арылууга жардам берет.
№3 имиш: Секс-оюнчуктар сезгичтикти төмөндөтөт.
Чындык: Оюнчуктарды туура жана эби менен колдонуу сезимталдыкты эч кандай төмөндөтпөйт. Алар адамга өз сезимин жакшы түшүнүүгө жана стимулга кылдат таасир этүүгө көндүрүү менен сезимталдыкты жакшыртат.
№4 имиш: Секс-оюнчуктарды «бузулган» адамдар гана колдонот.
Чындык: Секс-оюнчуктар – бул өзүӊдүн сексуалдык жөндөмүӊдү изилдөөгө жана жеке жашооӊду жакшыртууга арналган кадимки инструмент. Аларды пайдалануу адамды бузбайт. Бул ар кимдин жеке иши болуп саналат.
№5 имиш: Секс-оюнчуктар көнүп кетүүнү пайда кылат.
Чындык: Секс-оюнчуктар жеке жашоону кызыктуу кылууга жардам берет, бирок физикалык же пихологиялык көз карандылык пайда кылбайт. Аларды пайдалануу кадыресе көрүнүш жана сексуалдык сезимдерди жакшыртуу үчүн туура тандоо болуп саналат.
№6 имиш: Секс-оюнчуктар чыныгы өнөктөштү алмаштыра алат.
Чындык: Оюнчуктар өнөктөштөрдү алмаштырууга арналган эмес. Алар адамдарга өз денесин жакшы түшүнүүгө жана көбүрөөк тажрыйба топтоого, өнөктөшү менен бирге интимдик мамилелерди жакшыртууга жардам берет.
№7 имиш: Секс-оюнчуктар жарылып же ток ура турган кооптуу материалдан жасалат.
Чындык: Көпчүлүк заманбап оюнчуктар медициналык силикон сыяктуу ден соолук үчүн коопсуз материалдардан даярдалат. Алар катаал текшерүүлөрдөн өтөт жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келет. Эгерде текшерилген өндүрүшчүлөрдүн сапаттуу өнүмдөрүн пайдаланса, жарылуу же ток уруу ыктымалдыгы жок болот.
№8 имиш: Секс-оюнчуктар жыныстык көйгөйү бар адамдарга гана керек.
Чындык: Секс-оюнчуктар түйгөйлөрдүн эч кандай көйгөйү болбосо да сексуалдык мамилелерди жакшыртуу же кызыктуу кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн, бул биргеликте жаӊы сезимдерди козгоо жана жаӊы эмоцияларды алуунун ыкмасы.
№9 имиш: Секс-оюнчуктарды сатып алуу уят.
Чындык: Секс-оюнчуктар Кыргызстанда барган сайын кадыресе жана талкууга алынган тема болуп бара жатат. Бул жекече жактыруу жана ыӊгайлуулук маселеси, ал эми аларды сатып алуу – өзүнүн сексуалдык бакубатчылыгына кам көрүүгө байланышкан жашоонун бир бөлүгү болуп саналат.
№10 имиш: Курьерлер эмне алып бара жатканын билет жана сизге күлөт.
Чындык: Өзүн сыйлаган компаниялар өз кардарларынын купуялыгын камсыз кылат. Курьерлер таӊгакталган жөнөтмөнү алат, анын сыртында эч кандай маркалоо болбойт, ичинде эмне бар экени айтылбайт.
Бонус: Эгерде сиз өзүӊүздүн жеке жашооӊузду кызыктуу кылып өзгөртүүнү чечсеӊиз, бирок эмнеден баштоону билбей жатсаӊыз, анда ушул кээ бир сунуштар түшүнүктүү жана коопсуз тандоо жасоого жардам берет:
-
Өзүӊүздүн муктаждыгыӊызды жана каалооӊузду аныктаӊыз. Оюнчук сизге эмне үчүн керек экенин ойлонуӊуз: өзүнчө колдонуу же өнөктөш менен бирге пайдалануу үчүн аласызбы? Биринчи сатып алуу үчүн жөнөкөй түрлөрүн тандаган жакшы, мисалы өз туюмуӊду изилдөө үчүн чакан вибратор же массажер ылайыктуу болот.
-
Оюнчуктардын медициналык силикон же дат баспаган болот сыяктуу материалдардан жасалган денеге коопсуз түрлөрүн тандагыла. Курамы белгисиз арзан пластик өнүмдөрдү албагыла. Андан көрө узакка иштей турган жана ден соолукка зыяны жок ишенимдүү өнүмгө бир аз көбүрөөк төлөгөн жакшы. Оюнчукту тазалоонун оӊой болушу да маанилүү. Аны суу менен жууганга мүмкүнбү жана материалга кантип кам көрүү керек, ушул жагына көнүл бургула.
-
Секс-шопторго баруудан тартынбаӊыз. Бул чоӊ адамдарга арналган дүкөн жана аларга барып көрүү – өзүнүн сексуалдык саламаттыгына жана ырахат алуусуна кам көргөн кадыресе кадам. Ал жактан ар түрдүү суроо бергенден жана майда-чүйдөсүн тактагандан коркпоӊуз – бул кадимки эле нерсе.