
Оору, суюктуктун бөлүнүп чыгышы, айыз циклынын бузулушу. Гинеколог кайсы белгини көңүл сыртында калтырбоо керектигин түшүндүрөт
Этек кир учурунда ооруп, “таң калыштуу” суюктуктар бөлүнүп, стресстен улам цикл бузулуп жатса - бул көрүнүштү көптөгөн аялдар нормалдуу деп эсептешет жана жөн гана чыдап жүрө беришет. Ушул туурабы жана денеңиз берген белгилерди өткөрүп жиберүүдөн кантип сактанса болот? Нормалдуу этек кирдин цикли кайсы чектен ашпайт, кандай симптомдорду этибарга алуу керек жана кандай учурларда дарыгерге кайрылуу зарылдыгы тууралуу - врач-гинеколог Светлана Коздрович түшүндүрүп берди.
“Көптөгөн кыз-келиндер этек кир учурундагы ооруну кадимки көрүнүш катары кабыл алышат. Анткени бул алар үчүн дайыма эле кездешип келген көйгөй болуп саналат. Бирок муну кадимки көрүнүш катары кабыл алууга болбойт. Бул этек кир циклы үчүн жалпысынан жол берилген чектен сырткары чыгып кетет.
Этек кир цикли мурунку этек кирдин биринчи күнүнөн башталып, кийинки айыздын биринчи күнүндө аяктайт. Этек кир учурунда оору болбошу керек. Дагы эмне болбошу керек? Ар кандай этек кирдин циклы бир нече критерийлер менен мүнөздөлөт жана нормалдуулуктун так критерийлери эчак эле аныкталган. Аларга төмөнкүлөр кирет: • үзгүлтүксүздүгү же жыштыгы; • этек кир циклинин жана этек кирдин узактыгы; • этек кирден кан кетүүнүн көлөмү; • оорунун болушу.
Оорунун көптөгөн себептери болот. Булар дисфункционалдык болушу мүмкүн, бирок алар органикалык патология бар болгон учурда, мисалы, дарылоону талап кылган жамбаштын айрым өсүндүлөрүнөн улам келип чыгышы мүмкүн. Муну этибарга албай коюга болбойт, дароо адиске кайрылуу зарыл.
Бөлүнүп чыккан белгисиз суюктуктан көпчүлүк аялдар коркушат – анткени эмне нормалдуу жана кайсы учурда дарыгерге баруу зарылдыгын билишпейт. Чындыгында, норманын эки гана варианты бар. Циклдин ортосунда, адатта, этек кир башталгандан эки жума өткөндөн кийин, жумуртканын агына окшош былжырлуу суюктук пайда болорун дарыгер түшүндүрөт. Ал тунук жана чоюлчаак, канчалык чоюлчаак болсо, эстрогендин каныкканын ошончолук жогору көрсөтөт, бул нормалдуу көрүнүш болуп саналат.
“Бул суюктук жакындап келе жаткан же уланып жаткан овуляцияны билдирет. Ал жытсыз, оорутпайт жана түссүз. Экинчи кадимки түрдөгү бөлүнүп чыгуучу суюктук этек кир келер алдында болот. Орточо эсеп менен, этек кир келгенге чейин беш-жети күн мурда бир чай кашыктан чоң эмес каймак сымал бөлүнүп чыгуу пайда болушу мүмкүн. Анын бир аз кычкыл жыты бар, бирок кычышуу, күйүү, оору же түсүнүн өзгөрүшү менен коштолбойт. Башка учурларда, суюуктук бөлүнүп чыкса дарыгерге кайрылуу керек.
Этек кир циклине стресс сыяктуу ар кандай факторлор таасир этет. Дарыгер түшүндүргөндөй, кыска мөөнөттүү кечигүү дайыма эле дүрбөлөңгө түшүүгө себеп боло бербейт, бирок кадимки стресстүү жашоо олуттуу кесепеттерге жана калыбына келүүнүн кыйынчылыгына алып келиши мүмкүн.
Организм, адатта, өнөкөт стресске көнөт жана циклдин мындай катуу өзгөрүүлөрү болбошу мүмкүн. Бирок, курч стресс олуттуу кесепеттерге алып келип, ал тургай этек кир циклинин узактыгына да таасир этет. Экзамен, зачет, көчүп-конуу сыяктуу чыр-чатак кырдаалдар да стресске алып келет жана алар этек кир циклине таасирин тийгизет. Бирок, эреже катары, стресс басылгандан кийин цикл дагы нормалдуу абалга келет. Ошондуктан, эгер сиз бир жакка көчүп кеткен болсоңуз же кандайдыр бир сынактан өтүп, бир аз бузулууга учурасаңыз - мисалы, этек кирдин эрте же кеч келиши – бул боло берүүчү кадыресе көрүнүш. Эгерде сиздин этек кир циклиңиз калыбына келбей жатса, башка себептерди жокко чыгаруу жана тийиштүү дарылоону алуу үчүн гинеколог менен кеңешүү зарыл болот.


