blog

Тамекинин кесепеттери менен күрөшүү боюнча башка өлкөлөрдөн эмнени үйрөнсөк болот

Тамеки тартуунун кесепеттери – глобалдык маселе жана эл аралык тажрыйба кайсы чаралар иштей турганын көрсөтүп жатат, дейт Егор Борисов.

«Медициналык коомчулук ар дайым тамекиден толук баш тартууга чакырык жасайт. Учурда Улуу Британия жана Япония ден соолукка келтирилген зыянды жана жүктү азайтуу үчүн организмге никотин жеткирүүнүн альтернативдүү ыкмаларын жайылтууга көңүл буруп жатышат. Тамекиге карата өтө катуу саясат жүргүзүп жаткандыгы үчүн Швециянын дагы тажрыйбасы кызыктуу. Натыйжада бул өлкөлөрдө инфаркт, астма жана өнөкөт обструктивдик өпкө оорусу сыяктуу өнөкөт оорулар азайгандыгы белгиленүүдө», – дейт дарыгер.

Анын айтымында, бул өнүккөн өлкөлөр экономикалык, социалдык жана медициналык инструменттер, жаңы илимий изилдөөлөр менен айкалышкан комплекстүү ыкманы колдонушат. «Албетте, эң туура чечим – тамекини толугу менен таштоо. Бирок эгер натыйжа көрсөтүп турса, зыянды азайтуу, жүктү жеңилдетүү, керектөө форматтарын өзгөртүү ыкмалары - талкуулоого татыктуу. Эгерде алгылыктуу эл аралык тажрыйба бар болсо, биз аны изилдөөгө милдеттүүбүз. Бул – дартка даба дары эмес, бирок баардык ыкмалар сыяктуу эле көңүл бурууга татыктуу инструмент. Биз толугу менен баш тартуудан баштап, зыянды азайтууга чейинки бардык ыкмаларды изилдеп чыгышыбыз керек.» – деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын тамекинин кесепетинен 6000ден ашык адам каза болот. Тамеки тартуу жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана дем алуу системасынын олуттуу ооруларынын башкы себеби.