blog

Улгайганда татуу койдурган сонун көрүнөт: тату-чебери Лола - тобокелдиктер, аллергия жана мифтер тууралуу

Бүгүнкү маегибиздин коногу - көп жылдык тажрыйбасы бар, тату-чебери Лола. “Жашоо медиа” менен болгон маегинде ал татунун (денеге сүрөт чегүү) айыгышы эмне үчүн көп убакытты талап кыларын, кайсы жерге тату кою кыйын экенин жана кимге тату чебери кызмат көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүндүгүн түшүндүрдү.

Саламатсызбы, Лола! Тату жасатып жатканда денеге инфекция киргизип алуу мүмкүнбү?

Саламатчылык. Мен Лоламын. Тату тармагында 16 жылдык тажрыйбам бар, чебермин. Эгерде сиз кадыр-барктуу студияга барсаңыз, ал жактан таза жана дезинфекцияланган процедур жасалса, адис колуна кол кап кийип, коргоочу кабыкчаны колдонсо, инфекция эч жактан жукпайт. Албетте, эгер сиз үй шартында иштеген чеберге кайрылып, түшүнүксүз материалдар жана түшүнүксүз жагдайда тату жасатып жатсаңыз, инфекция жуктуруп алуу коркунучу болушу мүмкүн.

Кайсы учурларда кардарга тату жасатуудан баш тартасыздар?

Мен кардар мас абалда болгондо гана тату кылуудан баш тартам. Эгер ал тату жасатууга даяр эмес болсо, эки анжы абалда болот. Бирде каалайм, бирде каалабайм деши мүмкүн. Мындай учурда мен аны жакшыраак ойлонуп кел, деп кетирем. Ошондой эле, медициналык себептер да бар. Теринин сапатынын начардыгы, мисалы, ысык чыккан же дагы башка теринин оорулары болушу мүмкүн.

Эмне үчүн татунун айыгышы көпкө созулушу мүмкүн?

Адатта, кир колдордон улам болот. Мен тез эле, 5 мүнөткө мончого кирип чыгам, андан кийин машыгууга барам, тердебейм жана досторум сунуштаган арзаныраак нерсени сүйкөп коём. Жаман татунун 80%ы сүрөтчүнүн эмес, кардардын жоопкерчилигинен. Ал эми кыйын жерлерге - моюн жана кабыргалар кирет. Бул жерлерге өзгөчө чеберчилик талап кылынат, анткени тери абдан жука болгондуктан, кылдаат иштеш керек.

Кайсы жерлерге тату чегүү кыйын? Тату тартыруу алдында кантип даярдануу керек? Кыйын жерлер көп эле: манжалар, буттун таманы, колдун билеги. Бул жерлер кежир болгондуктан, тату өчүп кетиши мүмкүн. Ага даярдануу татаал эмес – уйкуну кандырып, тамактанып, жакшы маанай менен тату кылууга келе берсе болот.

Татунун боёкторуна аллергия болушу мүмкүнбү? Кээде пигменттерге, ачык түстөргө же түстүү боёкторго болушу мүмкүн, ал эми кара түскө аллергия болбойт. Мисалы, сиз аллергия менен аябай жабыркасаңыз, тынчтык үчүн, албетте боекторго карата тест жасатып алганыңыз оң.

Тату чегүү процесси кандай өтөт?

Алгач тату “чийүүдөн” башталат. Баштапкы контур чиймеленет. Мага контур бардык жерде керек, ошондуктан ал үзүлүп тартылып, дээрлик байкалбайт деле. Андан кийин негизги иш башталат, боёк, көлөкө түшүрүлөт жана жумуш аяктап жатканда дагы – контур кошулат. Кайсыл жерге керек болсо - ошол жерге мен аны кошуп турам.

Татунун абалы карыганда кандай көрүнөт? Татусу бар карыган дене, татусы жок карыган денеге салыштырмалуу өзгөчө жана кызыктуу көрүнөт. Эгер Европаны карасаңыз, ал жакта тату чегилген карыя адамдар толтура жана алар чындап эле сонун көрүнөт. Ошондой эле болот.