Психолог Ангелина Демильханова: Баӊгизатка көз каранды адамдарды ремиссиялоо – бул ишеним жана колдоо жөнүндөгү баян
Эки балээнин зыяны азыраагы
– Баӊгизат каражаттары илгертеден ар кандай маданияттарда колдонулуп келген. Убакыттын өтүшү менен көз карандылык көйгөйүнө көз караштар кандай өзгөрдү?
– Чынында баӊгизат каражаттары жөнүндө алгачкы эскерүүлөр кытай жана вавилон хроникаларында кездешет. Аларды ырым-жырымдарды аткарууда пайдаланышкан, ооруну сездирбөө үчүн медициналык максатта колдонушкан. Башында булар табигый психоактивдүү заттар – апийим, каннабис болгон. Ал эми XX кылымда «бардар көз каранды адамдардын баӊгизаты» – кокаин кеӊири таралган. Психиатрларды кошуп айтканда, ошол мезгилдеги бүткүл европалык элита ушул баӊгизатты колдонгон.
– Психоанализдин негиздөөчүсү, кокаинге карата сүйүүсү менен дагы белгилүү болгон Зигмунд Фрейдди эстөө жетиштүү...
– Ооба, Фрейд тажрыйба жолу аркылуу башында укмуштай күч-кубат берген зат анын инсандыгын өзгөртүп, өндүрүмдүү иштөөгө жолтоо кыла баштаганын түшүнгөн. Ал андан кол үзүүгө шашат жана башкаларды кокаинди колдонбоого чакырган. 50-жылдары ЛСД деп аталган мезгил башталат – ошол тажрыйба боюнча бардык трансперсоналдык психология курулган. Андан кийин ошол эле 20-кылымда, салыштырмалуу жакында эле баӊгизатка көз карандыларды аныктап жана дарылай баштаганда «көз карандылык синдром» диагнозу пайда болду.
– Баӊгизатка көз каранды бейтаптарды дарылоонун тарыхында эӊ бурулуш учур катары зыянды азайтуу концепциясынын алкагында сунушталган метадон алмаштыруучу терапиясын айтышат. Мындай мамиле канчалык негиздүү?
– Бир баӊгизатты башкасы менен алмаштыруу баӊгизатка көз карандылык көйгөйүн чечпейт. Бирок алмаштыруучу терапиянын шексиз артыкчылыгы, метадон көзөмөлгө алынган тартипте жана дарыгерди байкоосу менен берилет. Бул методика көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат жана кан аркылуу өтө турган коштомо оорулардын тоокелдигин кескин төмөндөтүүгө негизделген. Метадон сироп түрүндө дайындалат, бул баӊгизатка көз каранды адамга ийне колдонбоого шарт түзөт. Эгерде эки жамандыктын зыяны азыраагын тандаса, анда ушул ыкма ВИЧ-инфекция жана гепатит ооруларынын таралышына алып келген көчө баӊгизаттарынан жакшыраак болуп саналат.
– Зыянды азайтуу концепциясы дагы баӊгизат колдонуучуларга толеранттуу мамиле кылуу прицибине негизделген. Эгерде адам тыюу салынган заттарды колдонууну токтото албаса, бул аны кодулоого шылтоо болушу керек эмес. Баӊгизатка көз каранды адамдарга карата дискриминация деӊгээлин азайтууга мүмкүн болдубу?
– Менин байкоомдо андай болгон жок. Көз каранды жүрүм-турумдун алдын алуу стратегиясынын бири - коркутуу. Коомго ар түрдүү формада: «Баӊгизат- бул балээ, бул жамандык» деп жеткирүүгө аракет кылышат. Кимден болбосун баӊгизатка көз каранды кишини «сүрөттөп» бер деп сураса, ал сөзсүз түрдө короо адында сулап жаткан, колуна ийне кармаган кылмышкерди элестетет. Чынында дайыма эле мындай эмес. Биринчиден баӊгизаттар жана алардын организмге таасири ар кандай болот, экинчиден адамдар дагы ар түрдүү. Көбүнчө адамдар алдында баӊгизат колдонгон адам турганын түшүнө албайт. Биздин системанын өкүлдөрү болгон психолог, психиатр, социалдык кызматкерлердин арасында да баӊгизатка көз карандылар менен иштөөдөн баш тарткандар кезигет, андыктан коом жөнүндө эмне айта алабыз. Буга дайыма эле билимдин жетишсиздиги себеп эмес. Негизи бул адамгерчиликтин жана гумандуулуктун маселеси. Биз техника же аспаптар менен дарылабайбыз, биз мамиле менен айыктырабыз. Кээ бири баӊгизатка берилгендерден адамды көрүп турат, башкалары алардын оӊолоруно ишене албайт.
Өмүр бою күрөш
– Бул жаман адатка каршы турууда кандайдыр бир жылыштар барбы? Бүгүнкү күнү баӊгизатка көз карандыларды кантип сактап калып жатышат?
– Дүйнөдө баӊгизатка берилгендерди дарылоонун көп программалары бар, алардын эӊ белгилүүлөрүнүн бири «12 кадам». Ири реабилитациялык борборлор жана жеке кабыл алган кабинеттер да иштейт, алардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Маалымат айдыӊы баӊгилердин насааты жазылган даректүү тасмаларга толду, социалдык роликтер тартылып жатат. Мамлекеттик деӊгээлде өспүрүмдөр арасында баӊгичиликтин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө, балдарды спортко кызыктыруу жүрүп жатат. Мындай ыкмалар көп.
– Алардан эӊ натыйжалуусу кайсы?
– Наркологияда ыкмалардын кайсы түрү болбосун аз натыйжалуулук жөнүндө айтууну туура көрүшөт. Изилдөөлөргө ылайык, рак менен ооруганга караганда баӊгилик көз карандылыкта ремиссиянын натыйжалуулугу ылдый болот. Баӊгизатка көз карандылык диагнозу өтө кооптуу. Эгерде көз карандылык калыптанып калса, өмүр бою кала берет, анткени бузулуу психологиялык гана эмес, физиологиялык деӊгээлде дагы жүрөт.
– Замандын өнүгүшү баӊгизаттарга кызыгууга кандай таасир этет?
– Бүгүнкү күндө дизайнердик туздарга жана синтетикалык психостимуляторлорго карай ооп жатышат. Биринчиден бул алардын арзандыгы менен шартталган болсо, экинчиден, азыркы жашоонун жогорку темпине байланыштуу. Стимулятор каражаттар мээни тезирээк иштөөгө, бир эле учурда бир нече ишти аткарууга мажбурлайт. Акыркы жылдары полинаркоманияга кызыгуу байкалууда – мурда эйфория пайда кылган заттар азыр анча таасир этпей калды жана адамдар улам жаӊы кумар издеп калышты.
– Наркологдор оор жана жеӊил баӊгизаттар жөнүндө көп айтышат, аны кээде түз мааниде кабыл алышат. Кээ бири алардын өзгөчө зыяны жок, каалаган убакта таштап салса болот деп ойлошот. Чынында алар кандай заттар?
– Бардык психоактивдүү заттар аӊ-сезимди өзгөртөт жана терс кесепеттерге алып келет. Мисалы марихуана да жеӊил баӊгизат болуп эсептелет жана көп өлкөлөрдө мыйзам менен уруксат берилген. Каннабис өнүмдөрүн мигренди дарылоодо колдонушат. Бирок ошол эле учурда аны колдонуу бир нече гашиш психоздорун пайда кылышы мүмкүн – бул белгилүү факт.
– Баӊгизатка көз карандылыкка эмне алып келет? Кээ бирөөлөр колдонуп көрөт жана баӊги болуп кетпейт, башкалар бир татып көрүп эле ансыз жашай албай калат.
– Мында бир нече фактор бар. Бул организмдин физиологиялык жана психологиялык жекече өзгөчөлүктөрү, адамдын тарбиясы жана айлана-чөйрөсү. Мисалы психологиялык жактан алсак, баары адамдын кыйынчылыктарга туруштук берүү жөндөмүнө көз каранды. Ал «жок» деп айтканга жөндөмдүүбү жана аӊ-сезим өзгөргөн абалды сезип жана ага кумарланып, ошол реалдуулукта кала кала береби? Психикасы туруктуу боло элек өспүрүм куракта айлана-чөйрөнүн таасири күчтүү болот. Өспүрүмгө улам бой тарткан сайын өз чөйрөсүнүн бир бөлүгү болуу жана кабыл алган жүрүм-турум эрежеси маанилүү.
Өзүӊө ишеним жана айлана-чөйрөдөгү адамдардын ишеними
– Дарылануу курсунан толук өтүү жана кезектеги дозадан баш тартыруу үчүн күчкө салып кармап мажбурлоо жолу менен баӊгиликти дарылоого болобу?
– Бул пайдасыз, себеби адамдын табиятына караш керек. Эгерде биз бир нерсени каалабасак бизди мажбурлоого мүмкүн эмес – басымга карата дароо коргонуу реакциясы жана каршылык көрсөтүү иштелип чыгат. Ошондуктан дарылоону кадыресе жол менен жүргүзсө, жыйынтык тез болот жана ремиссия мезгили тезирээк келет.
– Адамды кантип дарыланууга макул кылууга болот?
– Эч кандай. Өтө кыска убакытта чоӊ эмоциялык өзгөрүүлөргө туш болгон көз каранды адам үчүн умтулуу эӊ туруксуз көрсөткүч. Ошол мүнөттө ал дарыланууну каалайт жана ага даяр болот, ал эми 60 секунддан кийин чечимин өзгөртөт. Бул дарылануу процессинин бир бөлүгү экенин бардык адистер билет. Эгерде азыр умтулуусу жок болсо, анда кийинки пайда болгон учурду күтөбүз дешет. Ал эми жакындары үчүн бул абдан татаал сыноо болушу мүмкүн, себеби баары эле буга чыдай албайт. Баӊгизатка көз каранды адамга дарылануу тууралуу ой келсе, анда аны колдоо керек. Бирок бир нече ийгиликсиз аракеттен кийин жакын адамдар аны дайыма эле колдой албайт, себеби ишенбей калышат. Бейтаптар психотерапияга досторунун коштоосунда келген учурлар кезигет. Ошол мезгилде жакын туугандары андан толук үмүт үзүп калган учур болот.
– Демек адам өзүнө жардам керек экенин өзү түшүнмөйүнчө ага жардам берүүнүн пайдасы жокпу?
– Атүгүл бейтаптын каалоосу дагы аздык кылат. Андыктан биз жакындардын колдоосунун маанилүүлүгү жөнүндө көп айтабыз. Эгерде ал жакын адамдардын колдоосуна таянса, анда бейтап баӊгизат колдонбой калса жана организм буга тынчсыздануунун деӊгээлинин жогорулашы менен таасир көрсөткөн психологиялык кесепеттерге туруштук бере алат. Мындай учурларда атүгүл биринчи аракеттер үзгүлтүккө учураса дагы баӊгизатка көз каранды дарылануу аракетин улам кайра баштайт жана өзүнө ишене алат. Бул бардык чектөөлөрдүн таасирин жана психологиялык кыйынчылыктарды жеӊип, баӊгизатка «жок» деп айткан учур келгенге чейин жетүүгө жардам берет.