blog

Жашоо Медиа: “Эгерде инсульт же баш сөөк мээ жаракатын алса эмне кылуу керек? ”

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде ... болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева инсульттун биринчи белгилерин кантип билүүгө болору жана баш сөөк мээ жаракатын алганда эмне кылуу керектиги жөнүндө айтып берет.

Инсульт — бул мээдеги кан айлануу бузулган абал. Эгерде жабыркаган адамга биринчи сааттарда чукул жардам көрсөтүлбөсө ал оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кооптуу абалды дароо аныктоо үчүн «ЖКАЧ» деген эӊ жөнөкөй аббревиатураны пайдалануу зарыл.

  • «Ж» - Жылмаюу. Жабыркаган адамдан жылмаюусун сурагыла. Эгерде ооруп калса бир жак бети кыймылдабайт, эриндери жана бет булчуӊдары кыймылсыз болуп калат.
  • «К» - Кыймыл. Адамдан эки колун көтөрүүнү сурагыла. Бир колу алсыз же кыймылдай албай калышы мүмкүн.
  • «А» - Артикуляция. Бейтаптан жөнөкөй сүйлөмдү айтып көрүүнү сурагыла. Мында сөздөрү түшүнүксүз же баш аламан болушу мүмкүн.
  • «Ч» - Чечим. Эгерде адамдын жылмаюусу кыйшык, бир жак бети иштебей калса, колу көтөрүлбөсө же алсыз болуп калса, өзүнүн атын айта албаса, сүйлөөсү бузулса, демек ал инсульт болгон. Тез арада тез жардам чакыргыла.

Маанилүү! Инсультту дарылоо алгачкы 4,5 саатта натыйжалуу болот. Андыктан кечиккен ар бир мүнөт убакыт мээ үчүн калыбына келгис кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Баш сөөк мээ жаракаты — бул башын уруп алууда, жыгылганда, жол кырсыгында жана башка жаракат алуучу кырдаалдарда туш боло турган олуттуу абал. Ал ачык жана жабык түрдө дагы болушу мүмкүн.

Жабык жаракат алуу. Эгерде жабыркаган адам эсин жоготпосо, аны кырынан, калыбына келтирүү абалында жаткыруу зарыл. Бул дем алуу жолдорунун кусунду массаларына же суюктуктарга толуп калышынын алдын алат. Моюнду жана көкүрөк тушун дем алууга тоскоолдук кылган кийимден арылтуу керек.

Эгерде жаракат ачык болсо – кол тийгизүүгө же канды токтотууга аракет кылбаш керек, өзгөчө баш сөөк сынган болсо тийгенге болбойт. Тез жардам келгенге чейин жабыркаган адамдын башын бир аз өөдө болуп, бирок моюну менен башы кыймылсыз тургудай абалда жаткыруу керек.