
Зыянды азайтуу концепциясы: Дарыгерлер ооруну алдын алууга басым жасашат
Заманбап медицина алдын алуу ыкмасына барган сайын өтүп жатат: дарыгерлердин бүгүнкү күндөгү милдети - оор абалдарды дарылоо гана эмес, ошондой эле оорулардын өнүгүшүнө мүмкүн болушунча жол бербөө. Бул принцип жугуштуу жана өнөкөт ооруларга гана эмес, тамеки чегүү менен байланышкан ооруларга да тиешелүү.
Бишкек шаарынын тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов: ооруну алдын алуу - саламаттыкты сактоо системасына түшкөн жүктү азайтып, көптөгөн оор учурларды болтурбай коюга өбөлгө түзөөрүн баса белгилейт.
«Биз ооруларды алдын алып, болтурбай коюга көңүл бурушубуз керек. Бул жөнөкөй, үнөмдүү жана көп сандагы оор абалдагы бейтаптарды дарылоого салыштырмалуу, системага тийген басымды бир топ азайтат», - деп белгилейт ал.
Алдын алуу чараларынын натыйжалуулугу кеңири таралган ооруларды дарылоодо өзгөчө байкалат. Борисов инфекцияны изилдөөнүн алгачкы этаптарындагы ВИЧке каршы күрөштү мисал катары келтирди.
«Ал кезде программалар мурунтан эле оор абалдагыларды дарылоого эмес, алдын алууга багытталган: бир жолку шприцтер, контрацептивдер жана башка чаралар көрүлгөн. Ушуга байланыштуу инфекциялардын санын бир топ азайды — азыр андан да көп болушу мүмкүн эле. Эмдөө программалары жана башка инструменттер ушундай эле иштин ыргагы менен келе жатат жана алар келечектеги оору менен өтүшуп кетүү тобокелдиктерин азайтат», - деп түшүндүрдү дарыгер.
Эксперттин айтымында, дал ушундай эле механизмдерди тамекиге көз карандылык менен күрөшүүдө да логикалуу колдонсо болот. Анткени ал бүгүнкү күнгө чейин жугуштуу эмес оорулардан өлүмгө алып келген негизги себептердин бири бойдон калууда.
«Тамеки тартууга байланыштуу бардык ооруларды бир заматта эле жок кылуу мүмкүн эместигин биз жакшы түшүнөбүз. Бирок алдын алуучу программалар зыянды азайтууга же жок дегенде көз карандылыкты төмөндөтүүгө багытталган. Тамекини ысытуу системалары дагы дал ушундай — тобокелдиктерди минималдаштырууга жасалган кадам. Себеби тамекинин түтүнүндө болжол менен жети миңге жакын зыяндуу кошулмалар бар. Албетте, эң туура тандоо, бул — тамекини толугу менен таштоо. Бирок адам дароо баш тарта албаса, зыянды азайтууга багытталган альтернативдүү ыкмалар кандайдыр бир деңгээлде жардам бериши мүмкүн», — дейт Борисов.
Анын билдирүүсүнө караганда, зыянды азайтуу концепциясы — бул бир эле чечим эмес, бир нече чаралардын жыйындысы. Алар бири-бирин толуктап, комплекстүү түрдө иштегенде гана натыйжа берет. Бул ыкманын негизинде ден-соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу турат, ал өз кезегинде калган бардык инструменттердин натыйжалуулугун күчөтөт.


