
Ис газы кантип адамды шашпай өлтүрөт жана бул чылым чегүүгө кандай байланышкан
Көмүртек монооксиди – бул көмүрдүн же отундун, керосиндин, газдын толук күйбөгөн өнүмү.
Тамеки күйгүзгөн адам ар бир тарткан сайын ис газы дагы бөлүнүп чыгат. Адам организмине киргенден кийин ал кан айлануу тутумуна кошулат. Бүткүл организмге кычкылтекти «ташып жеткирүүгө» жооп берген гемоглобин менен бирге бул газ карбоксигемоглобин деп аталган туруктуу бирикмени түзөт. Бул кычкылтекти өткөрүүнү тосот жана дем кыстыгуу пайда болот. Эң биринчи кычкылтек тартыштыгынан мээ, жүрөк жана нерв системасы жабыркайт. Так ушул себептүү адам коркунучтуу кырдаалды түшүнө албай калат.
Күнүнө бир куту тамеки чеккен адам өзүнүн организмине 400 мл ис газын киргизет. Мындай учурда, анын органдары кычкылтек тартыштыгына дуушар болушу таң калычтуу эмес. Чылым чеккен ар бир адам физикалык күч келгенде кычкылтек тартыштыгын эң сонун сезет. Адам бир аз чуркап койсо же атүгүл тепкич менен өөдө көтөрүлгөндө энтигүү пайда болот.
Тамекиден айырмаланып, түтүнү жок заманбап чылымдар тамекини күйгүзбөйт, демек тамеки күйгөндө пайда боло турган жана түтүн менен бирге адам организмине кире турган СО жана башка уулуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Андыктан зыяны азыраак альтернативдүү каражаттарды пайдаланууда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдиги олуттуу кыскарат, айта кетсек, анын негизги себеби ис газы болуп саналат.
Ар бир тарткан тамекинин түтүнү канчалык зыяндуу экенине толук ишенүү үчүн чылым түтүнүндө кезиккен башка зыяндуу компоненттерди санап өтүү жетиштүү. Бул синил кычкылы, аммиак, азоттун кош кычкылы, мышьяк, бензол, коргошун, полоний-210, радий-226 радиоактивдүү изотоптору жана коргошун-210 заттары. Эң акырында —диметилнитрозамин деген зат бар. Бул бирикменин канцерогендүү таасирине бир дагы тирүү жандык каршы тура албайт.