blog

Тамеки акылга каршы келгенде: эмне үчүн элдер оор абалда жатса да тамекини таштай алышпайт

Тамеки тарткандар көп учурда өздөрүнүн көз карандылыгын олуттуу баалашпайт. Көп учурда жаман адат адамдардын эсинде “тентектик" деңгээлинде калып, каалаган учурда таштоого болот – бир гана каалоо керек - деген жаңылыш ойдо болушат. Бишкектеги тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, тамекиге болгон көз карандылык коом тарабынан жетишсиз негизде бааланып жатат.

«Көз карандылык жөнүндө айтканда көпчүлүк биринчи кезекте баңгизатка болгон көз карандылыкты элестетет. Бирок тамекиге болгон көз карандылык да ушундай эле күчтүү. Көптөр токтотууну каалайт, бирок баары эле ийгиликке жетпейт. Жокко чыгаруу синдрому – абстиненттик синдром пайда болуп, адам никотинсиз физикалык жактан өзүн жаман сезет. Тамеки тартуу – бул классикалык көз карандылык, жада калса оор абалда жаткан бейтап дагы көп учурда бул адаттан баш тарта албайт», – дейт ал.

Дарыгер мисал катары өз тажрыйбасынан алынган окуяны эскерди. Өнөкөт обструктивдик өпкө оорусу менен ооруган кишинин абалы начарлап, шашылыш ооруканага жеткирүү талап кылынган. Анын дем алуусу начарлап, ага кислород жетпей, араң дем алып жаткан.

«Биз приступту толук токтото алган жокпуз. Сатурациясы түшүп, дем ала албай жаткандан улам, көгөрүп бараткан абалда болчу. Биз шашылыш ооруканага жеткирүү керек деп жатканыбызда, ал болсо ушунча оор абалда туруп, “Азыр, балдар, мен бир тамеки тартып алайын, анан барабыз” деди. Тагыраагы, өмүрүнө коркунуч жаралган учурда да бул жаман адаттан баш тартуу кыйын. Бул адат – өлүм коркунучунан да күчтүү», – дейт дарыгер.

Мындай учурлар аз эмес. Ошондуктан өнөкөт обструктивдик өпкө оорусу, астма приступтары жана жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу чакырыктар көп болот — буларга тамеки тартуу түздөн-түз таасир этет.

Егор Борисовдун айтымында, тамекиге каршы күрөш комплекстүү болушу керек, анын катарына дары-дармектүү терапия, психологиялык колдоо жана зыянды акырындык менен азайтуу ыкмалары кирет.

«Идеалдуу вариант – таптакыр тамеки тартууну баштабоо. Муну ар бир дарыгер айтат! Бирок эгер көз карандылык бар болсо, зыянды азайтуучу альтернативалар кадимки тамеки тартуудан көрө коопсуз чечим болушу мүмкүн, анткени алар оорулардын тобокелдигин төмөндөтөт», – дейт дарыгер. Анын айтымында, ар бир тамекини соруу адамды тез жардам чакырышына карата бир кадам жакындатат.Анын айтымында, ар бир тамекини соруу адамды тез жардам чакырышына карата бир кадам жакындатат.