blog

Түтүнсүз альтернатива – бул эмне жана салттуу чылым чегүүдөн эмнеси менен айырмаланат

Заманбап дүйнөдө улам көптөгөн адамдар салттуу чылым чегүүгө альтернатива издеп келет. Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө маалымдуулуктун өсүшү, никотинди колдонуунун зыяны азыраак жаӊы өнүмдөрүн иштеп чыгууга түрткү берүүдө.

Биз ушул макалада түтүнсүз альтернативанын негизги түрлөрүн, алардын өзгөчөлүгүн жана айырмачылыгын карап көрөбүз.

Хиттерлер (тамекини ысытуу системасы)

Хиттерлер IQOS сыяктуу эле чыныгы тамекини пайдаланат, бирок күйгүзүүнүн ордуна алар никотин камтыган аэрозол бөлүп чыгарган керектүү температурага чейин ысытылат.

Өзгөчөлүгү:

  • Вейптен айырмаланып, мында кадимки тамеки пайдаланылат.
  • Тамеки ысытылат, бирок күйбөйт, бул зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну төмөндөтөт.
  • Сезилиши жана даамы кадимки тамекиге көбүрөөк окшош болушу мүмкүн.

Снюс жана никотин паучиси

Бул никотин камтыган өнүмдөр, алар эринге салынат жана ооздун былжырлуу челине таасир этет, тамекини күйгүзбөстөн никотиндин организмге киришин камсыз кылат.

Өзгөчөлүгү:

  • Бир нерсени дем алуунун зарылдыгы жок, бул өпкөгө таасир этүүнү жокко чыгарат.
  • Никотин акырындык менен сиӊет, узакка созулган таасирди камсыз кылат.
  • Чылым чегүүгө тыюу салынган жерлерде колдонууга болот.

Вейптер (электрондук чылымдар)

Вейптер никотин жана жыт бергичтерди камтыган суюктуктун негизинде иштейт. Ал суюктук буу пайда болгонго чейин ысытылат, колдонуучу аны тамеки сыяктуу илеп тартып дем алат.

Өзгөчөлүгү:

  • Никотиндин ар кандай концентрациясын камтыган атайын суюктуктар пайдаланылат.
  • Тамекини күйгүзүү жок, бул салттуу чылымдарга салыштырмалуу зыяндуу заттардын санын азайтат
  • Ар кандай жыттар менен даамдардын кеӊири түрү сунушталат.

Никотинди алмаштыруучу терапия

Бул категорияга чаптама, сагыз, спрей жана башка өнүмдөр кирет, алар никотинге көз карандылыкты акырындык менен азайтуу аркылуу тамекини таштоого жардам берүү үчүн иштелип чыгарылган.

Өзгөчөлүгү:

  • Чылым чегүүдөн баш тартуу программаларында көп колдонулат.
  • Никотинди керектөөнү акырындык менен азайтууга мүмкүндүк берет.
  • Колдонуунун көбүрөөк ылайыктуу ыкмаларын тандоого шарт түзөт.

Никотинди кандай түрдө болсо дагы керектөө ден соолукка терс таасир тийгизе турганын жана аны колдонуунун толук коопсуз ыкмалары жоктугун эстен чыгарбоо маанилүү. Бирок салттуу чылымга караганда зыяны азыраак альтернативалар бар, алар тамеки чегүүгө байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтөт.

Эгерде сиз тамеки чегүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн же башка зыяны азыраак өнүмдөргө өтүүнү ойлоп жатсаӊыз, медициналык адистен кеӊеш алууну жана бардык оӊ жана терс жактарын кылдат ойлонуштуруп алганыӊыз маанилүү.