Кыргызстандагы эркектердин жыныстык саламаттыгы – көйгөйлөр, имиштер жана чечимдер
– Кыргызстанда эркектер көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болушат?
– Акыркы жылдары эректилдик дисфункция же жыныстык алсыздык оорусунан жабыркаган бейтаптардын саны өскөнүн байкап жатам. Буга көбүнчө турмуштук кыйынчылыктар, жоопкерчиликтин жогорку деӊгээли жана акча каражат иштеп табуудагы кыйынчылыктар сыяктуу психогендик себептер түрткү болот. Алардын бардыгы биргеликте сексуалдык функциянын бузулушуна алып келет. Көбүнчө учурларда мындай көйгөйлөр адамдын ой-түшүнүгүнө байланыштуу болот жана аларды ийгиликтүү айыктыра алабыз. Мен уролог катары маселенин физиологиялык жагынан жардам бере алам, бирок кээде психологдун жардамы талап кылынат. Менин тажрыйбамда биргелешкен дарылоо учурлары болгон.
– Биздин аймак үчүн өзгөчө мүнөздүү болгон бөтөнчө урологиялык оорулар кездешеби?
– Ооба, Кыргызстанда заара жолдорунун таш оорулары көп таралганы байкалат. Айрыкча өлкө түштүгүндө мындай учурлар бир кыйла көбүрөөк кездешет. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз тобокелчилиги жогору зонада турабыз. Начар экология, туура эмес тамактануу, сапаттуу таза суунун тартыштыгы, ооруга тубаса жакындык патологиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизет.
– Сизге кайсы курактагы эркектер урологиялык көйгөйлөр менен көп кайрылат?
– Урологиялык оорулар кайсы бир жаш курак менен чектелбейт – аларга кары-жаш дебей туш болушу ыктымал. Балдарда бул көбүнчө жыныс органдарынын же бөйрөктүн тубаса аномалиясы. Орто жаштагы эркектер эректилдик дисфункцияны кошуп алганда өнөкөт простатит жана урук чыктагыч бездин көйгөйлөрүнөн көбүрөөк жабыркайт. Улуу курактагы бейтаптарда простата безинин аденомасы жана рак оорусу көп аныкталат. Ошондой эле, онкологияга байланыштуу жагымсыз тенденцияны да белгилеп кетким келет. Ал жылдан жылга жашарууда.
– Сиздин тажрыйбада эсиӊизде калган өзгөчө учурлар болду беле?
– Жакынкы өзгөчө учур – 70 жашар бейтаптын бөйрөгүнөн чоӊ ташты алуу болду. Ал таш тооктун жумурткасындай өтө чоӊ, диаметри беш сантиметрге жакын экен. Адатта мындай чоӊ таштар табарсыкта пайда болот, бирок бул жолу ал бөйрөктөн табылды. Эӊ таӊ калычтуу жагы – бейтап эч кандай ооруган эмес, ал таш кокустан профилактикалык изилдөөлөр убагында табылып калган. Анан ал кишинин бөйрөгүнө шашылыш операция жасалды жана баары жакшы аяктады.
Гермафродитизм учурлары болгон – бул өтө сейрек кубулуш. Ал медициналык гана эмес, юридикалык жана психологиялык ишти камтыган абдан татаал жана кылдат мамилени талап кылат. Андай учурларда бейтаптын хромосомаларынын топтомун аныктоо, жыныс бездеринин жана органдарынын абалын баалоо зарыл. Көп учурда мындай чечимдер кыйынчылыктарды жаратат.
– Акыркы 30 жылда урология кандай өзгөрдү?
– Абдан катуу өзгөрдү. Операцияга көрсөтмөлөр, дарылоо усулдары – баары чоӊ өзгөрүүлөргө дуушар болду. Азыр биз эч бир операцияны дээрлик ачык түрдө кылбайбыз – заманбап технологиялар көпчүлүк операцияларды эндоскопиялык же лапароскопиялык ыкма менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул бейтаптарга чоӊ артыкчылык берет: реабилитация мезгили кыскарат, кабылдоо коркунучу азаят жана эӊ маанилүүсү ткандар азыраак жабыркайт.
– Ал эми өнөкөт оорулар тууралуу, мисалы простатит жөнүндө айтсак, аны дарылоонун ыкмасы өзгөрдүбү?
– Простатит – болуп келген жана боло бере турган оору жана бир нерсе өзгөрүшү да күмөн. Болгону дарылык каражаттар өзгөрүшү мүмкүн. Илимий прогресс жаӊы медикаменттерди сунуштайт, бирок жалпысынан дарылоо 20-30 жыл мурдагыдай эле кала берет. Мында бир кыйла натыйжалуу дарылоо схемаларын тандоо, дарыгердин сунуштарын угуу маанилүү, ошондо бул оору тынчыӊызды албайт.
– Эркектердин жыныстык саламаттыгы жөнүндө кандай имиштерге туш болдуӊуз?
– Спорттук көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн гормондорду өз алдынча ичүүнүн эч кандай терс таасири болбойт деген имишти жолуктурдум. Тренерлер машыгуу залдарында ушул адашкан пикирди жайылтууну абдан жакшы көрүшөт. Бул абдан кооптуу жана кесепети коркунучтуу. Стереодддерди узак убакыт көзөмөлсүз туура эмес колдонуудан кийин гормондук абалды теӊдештирүү абдан татаал. Мында эӊ жакшысы, гормондорду коррекция кылуу менен ушул боюнча билим алган адистер иштеш керек, алар эмне кылышты спортзалдардагы тренерлерден үйрөнгөн эмес.
Мен дарыканадан бардык дарылык каражаттардын, атүгүл антибиотиктердин дарыгердин рецепти менен берилишин жактайм. Себеби ушундан улам бизде дарылануунун сапаты төмөндөп жатат. Адамдар баарын өз алдынча, көзөмөлсүз, туура эмес өлчөмдө, туура эмес дарылануу курсу менен колдоно берет, биз андан кийин дарылай албай калабыз жана акырында дарыгер жаман көрүнүп калат.
– Эркектер урологиялык изилдөөдөн канча убакытта бир өтүп турушу керек?
– Мен жок дегенде жылына бир жолу урологго көрүнүүнү сунуштайм, айрыкча 45 жаштан кийин бул абдан зарыл. Тилекке каршы, көптөгөн эркектер оору белгилерине кайдыгер карайт, кабыл алууга оорусу күчөп кеткен кезде келишет. Биздин Кыргызстанда эрте диагностика коюунун жоктугу өзүнчө бир көйгөй. Бейтапканалар зарыл талаптарга жооп бербейт, жумушта профилактикалык кароолорду дээрлик эч ким жүргүзбөйт.
– Ден соолукту жакшы сактоо үчүн сиз кандай күндөлүк адаттарды сунуш кылат элеӊиз?
– Биринчи кезекте – бул активдүү жашоо мүнөзү, туруктуу жыныстык турмуш жана стрессти азайтуу. Жеке гигиенага көӊүл буруу, жыныстык жол менен тарала турган оорулардын жугуу тоокелдиктеринен качуу дагы маанилүү.
Физикалык активдүүлүк жагынан сууга сүзүү – эркектер үчүн эӊ мыкты спорт түрлөрүнүн бири, ал кан тамырларды чыӊдоого, кан айланууну жакшыртууга жардам берет, суу болсо стрессти кетирет. Анан дагы, тамеки сыяктуу зыяндуу адаттардан баш тартуу зарыл. Мында күйүүдөн бөлүнгөн уулуу заттарга уугуу, кычкылтек тартыштыгы жана кан тамырлардын ичкерүүсү жүрөт. Булар башка факторлор менен бирге эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Жумуш менен эс алуунун ортосунда теӊ салмактуулукту сактоо маанилүү. Хобби үчүн убакыт тапкыла, спорт менен машыккыла жана ден соолукка көӊүл бурууну унутпагыла. Биз баарыбыз өзүбүздүн ден соолугубузга жакшы кам көрүшүбүз керек, анткени биздин ордубузга бул ишти башка эч ким аткарбайт.