Чарчоону кантип жеӊүү керек. Практикалык кеӊештер
Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар өзгөчө пандемия жана жашоонун тез ыргагы пайда кылган өзгөрүүлөрдүн шартында чарчоону активдүү изилдеп келет. Изилдөөлөр акыркы жылдары чарчап-чаалыгуу симптомун башынан кечирип жаткан адамдардын саны олуттуу өскөнүн көрсөтүүдө.
«Биздин маалыматтар чарчоонун коомдон жана айрым жеке адамдардан көӊүл бурууну талап кылган глобалдык көйгөй болуп бара жатканы жөнүндө айтып турат», - деп психикалык ден соолук жаатындагы эксперттер белгилешет.
Изилдөөнүн негизги корутундулары көрсөткөндөй, басымдын жана стресс факторлорунун көбөйүшү чарчоо учурларынын өсүшүнө алып келди жана улам көп адамдар эмоциялык чаалыгууну башынан кечирүүдө. Бул абал ден соолукка терс таасирин тийгизет, анткени ал депрессия, тынчсыздануу жана башка ар кандай физикалык оорулардын өнүгүү коркунучун жогорулатат. Андыктан адамдардын психикалык жана жеке бакубатчылыгын сактоо үчүн чарчап-чаалыгуу көйгөйүн таануу жана аны жеӊүү боюнча стратегияларды киргизүү маанилүү милдет болуп бара жатат.
Практикалык сунуштар
Чарчоо – олуттуу көйгөй, бирок аны жеӊүүгө болот. Бул үчүн өз абалыӊды моюнга алуу, туура чек коюу жана өзүӊө кам көрүү маанилүү. Күндөлүк жашоодогу жөнөкөй өзгөрүүлөр сиздердин эмоциялык жана жеке абалыӊыздарды олуттуу жакшыртууга алып келиши мүмкүн. Унутпаӊыз, жардамга кайрылуу – бул кадимки жана зарыл кадам.