
Кыргызстанда тамеки чеккен эркектер менен аялдардын саны кыскарды
Тамеки чегүүнүн таралышы жөнүндө маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда чоӊ кишилер арасында чылым чегүү 20 жылдан бери төмөндөөнүн үстүндө болуп келет. Эгерде 2000-жылы чоӊ адамдардын 31% чылым чегет деп эсептелсе, 2020-жылы бул көрсөткүч 25,4% кыскарган. Өзгөчө тамеки чеккен эркектер арасындагы пайыз 2000-жылы 57,8% тартып 2020-жылы 48% чейин кыскарган. Ошол эле аралыкта тамеки тарткан аялдардын пайызы 5% тартып 2,8% чейин сезилерлик азайган.
Бул өзгөрүүлөр чылымдын зыяны жөнүндө маалымдуулуктун жогорулашынын жана чылым чегүүгө каршы тамекини жарнамалоого тыюу салуу, тамеки өнүмдөрүнө акцизди көбөйтүү жана агартуучулук кампанияларды камтыган чараларды акырындык менен күчөтүүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн. Эркектер мурдагыдай эле аялдарга караганда тамекини эки эсе көп чексе дагы, чоӊ адамдар арасындагы чылым чеккендердин жалпы санынын азайышы коомдук саламаттык жаатындагы оӊ жылыштар жөнүндө айтып турат.
Өзгөрүүлөрдүн тактыгы үчүн – эркектер менен аялдар арасындагы тамеки тарткандардын үлүшү кантип азайып келе жатканын Кыргызстандагы чылым чегүүнүн төмөндөө графигин жылдар боюнча карап көргүлө.