Жаӊы жылдан кийинки депрессия менен кантип күрөшсө болот. Психологдун кеӊеши
Майрамдан кийинки синдром деген эмне жана аны кантип билүүгө болот?
Тааныш кырдаалбы? Жаӊы жылга чейин саналуу сааттар калды, эми жумуштагы иштерди бүтүрүү, балаты алдындагы белектерге (балатыны да унутпаш керек) жана жаӊы жылдык дасторконго мандарин алууга тыгын аркылуу жетүү керек. Биз тамак-ашты арыдан-бери даярдай салып, ашыгуу менен дароо майрамдык чөйрөгө аралашып кетебиз. Адатта абдан кеӊири, баш аламан жана жакшы эс албай майрамдайбыз. Ал эми майрамдык күндөр өткөндөн кийин кайрадан жумуш ыргагына тез киришип кетүүгө аракет кылабыз.
«Ар бир адамга майрамга аралашуу жана жумуш режимине кайтып келүү үчүн убакыт керек. Бирок эч ким майрамга сезимдерин камдап жана пландап даярдана албайт. Көнүмүш жумуш күндөрүнө кайтып келүү дагы ошол сыяктуу. Ошентип кыжырдануу сезимдерин, агрессияны, алсызданууну жана өзүнчө жашынуу каалоосун пайда кылган майрамдан кийинки синдром келип чыгат», - дейт психолог Мария Кирьяк.
Жаӊы жылдан кийинки депрессия шарттуу түрдө үч баскычка бөлүнөт. Анын келип чыгуу себептеринин бири – бардык коюлган максаттарга жетүүнү жана жаӊы жылга жаӊыланган абалда кирүүнү эӊсөө. Иш жүзүндө бул кээде гана аткарылат, атүгүл көптөгөн күч-аракет жана каражаттар да жардам бербейт – анткени жашоо өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизет. Жыйынтыгында өзүнүн майнаптуу ишине кубануунун ордуна тереӊ көӊүл калуу, чаалыгуу жана эмоциялык, физикалык жана каржылык боштук сезими келип чыгат.
Майрамдын өзү адамдын каалоосу менен артыкчылыктарына каршы болушу мүмкүн. Балким адам ызы-чуулуу отуруштарды жана салюттун үнүн жактырбайт, Жаӊы жылга беш мүнөт калганда жатып уктагысы жана көп күттүргөн майрамды тынчтыкта өткөргүсү келет. Бирок үй-бүлөлүк салттарды сактоого туура келет, Жаӊы жылды башка өткөрүү планы кийинки жылга калтырылат жана тереӊ өкүнүч сезими кала берет. Көбү жумушка эс албай жана эмоциялык жактан чарчаган абалда кайтат жана депрессиялык абалга дагы тереӊ чөмүлөт.
Майрамдан кийинки синдромго кабылбаш үчүн эмне кылуу керек?
Биринчиден, жаӊы жылды андан кийин баары башкача болуш керек деген сыйкырдуу күн катары карабаш керек жана укмуш пландарды куруунун кереги жок.
Экинчиден, майрамга эки-үч күн калганда эмес, жок дегенде бир ай калганда даярдана баштагыла. Майрам алдындагы ызы-чууда дүкөндөрдү жан талашып кыдырууга караганда жакындарга белектерди жайбаракат тандоо жана сатып алуу көбүрөөк канааттануу алып келет.
Үчүнчүдөн, майрамды кантип өткөргүӊүз келет деген суроого чындап жооп бериӊиз. Ар кимге жаӊы жылдын түнүн өзү каалагандай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө аракет кылуу же жалпы компромисс табуу керек.
Төртүнчүдөн, жумушка чыгуу алдында бир нече күн тынч жана эч жумуш кылбай эс алуу уюштуруӊуз. Бул эсте кала турган таасир алуу үчүн кар баскан тоого чыгуунун ордуна колуӊа китеп алып керебетте тынч жаткан же сериал көрүп эс алган учур болуп саналат.
Эгерде майрамдан кийинки синдромдон качууга мүмкүн болбосо, кошумча эс алуу күндөрүн алган эӊ туура болот. Анда өзүӊүзгө көӊүл буруп, тынч абалда толук кандуу эс алыӊыз жана эмне үчүн майрам өзүӊүз каалагандай өтпөй калганына жана кийинки жолу андай каталарга жол бербөө жөнүндө ой жүгүртүӊүз. Бирок бул үчүн өзүӊдү айыптоонун же урушуунун таптакыр кереги жок.