Жашоо Медиа: “Эгерде үшүп калса же ысык өтүп кетсе эмне кылуу керек?”
Үшүп калуу. Бул калтыроо, алы кетүү, дем алуунун жайлашы, көздүн сүзүлүшү сыяктуу симптомдорду камтыйт. Эгерде адамдын денесинин температурасы 35 градустан төмөндөсө анда кыйын абалга кабылат.
1-кадам. Адамды жылуу бөлмөгө алып баргыла, андан нымдуу кийимдерди чечип салгыла жана төшөк менен жапкыла.
2-кадам. Жылуу, бирок ысык эмес суусундук бергиле – ал дене табынан 20-30 градус ысык болбош керек.
3-кадам. Адам үшүп же суук өтүп кеткен абалга кабылса – токтоосуз түрдө тез жардам чакыргыла.
Маанилүү! Адамдын денесин катуу сүрүп же ысык сууга салуунун кереги жок – бул абдан катуу дендароо абалга алып келиши ыктымал.
Эгерде адам ысык аба-ырайында же үп бөлмөдө көпкө жүрсө ысык өтүп кетиши мүмкүн. Анын белгилери: катуу баш оору, жүрөк айлануу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздануу, эс-учун жоготуу болушу мүмкүн.
1-кадам. Жабыркаган адамды көлөкөгө же салкын жерге алып баргыла.
2-кадам. Андан жылуулукту чыгарууга жолтоо кылган кийимдерин чечип салгыла жана муздата баштагыла – ал үчүн үстүнө муздак суу куйгула (бирок өтө муздак болбош керек).
3-кадам. Адамга ичкенге муздак суу бергиле.
4-кадам. Эгерде жабыркаган адам эс-учун билбесе, аны кусундуга какатпоо үчүн кырынан жаткыргыла.
Маанилүү! Атүгүл жабыркаган адам өзүн жакшы сезип калса дагы тез жардам чакыргыла. Аны сөзсүз дарыгерге көрсөтүү керек.