Жашоо мунөзү же генетика: эмнеге жүрөк оорусу, рак жана деменция келип чыгат?
Жашоонун узактыгына генетиканын салымы 25% жакын үлүштү түзөт, ошол эле учурда адамдын жашоо мүнөзү 50% чейин таасирин тийгизет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын ЖЭО айынан 41 миллион киши каза табат. Бул дүйнөдөгү бардык өлүм учурларынын 74% түзөт. Андан 17,9 миллион киши жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза табат. Эмне мындай болуп жатат? Чылым чегүүдө тамеки түтүнү кан тамырларда тромб жана тоскоолдуктарды түзүп, артерияны жабыркатат. Алар өз кезегинде кан айланууну кыйындатып, инсульт жана инфарк пайда кылат. Ошол эле учурда бул тобокелдиктер бир күндө чегилген тамеки санына түздөн-түз байланышкан. Америкалык кардиология ассоциациясынын кызматкерлери (American Heart Association) 15 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында изилдөө жүргүзгөн. Алардын бир бөлүгү инсульт алган, ал эми башкаларынын ден соолугу таза болгон. Катышуучуларды 3 топко бөлүшкөн:
- Чылым чегүүчулөр
- Тамекини таштагандар
- Чекпегендер
Окумуштуулар чекпегендерге караганда тамеки чеккендер арасында инсульт тобокелдиги 88% жогору экенин аныкташкан. Мындан тышкары, күнүгө онго чейин тамеки чеккендерде инсульт тобокелдиги 46% жогору экени белгилүү болгон. Ал эми күнүнө эки кутудан аз эмес тамеки чеккен изилдөөнүн катышуучулары, тамеки чекпегендерге караганда инсульт тобокелдигине 5 эсе көбүрөөк кабылышкан.
Тамеки чегүүнүн себебинен пайда болгон онкологиялык оорулардан жылына 9,3 миллион киши каза болот. Чылым чегүү өпкө, тамак, тил, көмөкөй, бөйрөк, табарсык, ашказан-ичеги трактынын, эмчек жана уйку безинин рагынын келип чыгышына түрткү болот. Эмнеге мындай болот? Себеби тамеки түтүнү 6000 миңге жакын химиялык заттарды жана бирикмелерди камтыйт. Алардан 69 зат канцероген болуп саналат. Алар клеткаларды жабыркатууга жана рак шишигин пайда кылууга жөндөмдүү.
Дарыгер-терапевт Наталья Кондрашова, рактын эң коркунучтуу түрү – бул өпкө рагы экенин айтып берди.
«Америкалык пульманологдор ассоциациясынын маалыматы боюнча, өпкө рагынын 90% учуру тамекинин таасиринен пайда болгон. Себеби өпкө рагы эрте мезгилинде жана кээде өөрчүгөн кезде деле эч кандай билинбей жүрүшү мүмкүн. Бирок анын белгилери табылган учурда оору алда канча күчөп кеткен болот, ошондуктан айрым башка рак түрлөрүнөн айырмаланып, өпкө рагы адатта өлүмгө алып келет. Ооруп калуу тобокелдиктери, күнүгө чегилген тамекинин санына, тамеки түтүнүн канчалык көп дем алганга жараша жогорулайт, буга тамекидеги чайырдын курамы дагы таасир этет», - деп билдирди дарыгер.
Статистика боюнча, ар бир бешинчи чылым чегүүчүдө өпкөнүн өнөкөт обструкция оорусу (ӨӨОО) өнүгөт. Тамеки түтүнү өпкөнүн өсүшүн абдан жайлатат, ошондуктан бул оору өспүрүм кезинде чегип баштагандарга, ошондой эле бала кезинде пассивдүү чылым чегүүгө дуушар болгон адамдарга мүнөздүү. Адамдын өпкөсү жакшы коргоо системасына ээ, бирок убакыт өткөн сайын чылым чегүүчүнүн өпкөсүндө коргоо иштебей калат. Организм тамеки чайырын тазалай албай калат жана ал өпкөгө толо берет. Жыйынтыгында өпкөнү буза турган бактериялардын көбөйүшү үчүн эң сонун жай болгон илээшкек суюктук топтолот. Ал эми медицина илимдеринин доктору, фтизиатрия жана пульмонология кафедрасынын профессору Сергей Бабак, тамекини таштоо жана башка зыяндуу адаттардан баш тартуу менен адам өмүрүн 15-20 жылга узартууга мүмкүн болот деп эсептейт.
«Тамекини ысытуунун электрондук системасы медицинада колдонулушу мүмкүн. ТЫЭС – бул жаман адаттарды кийин баш тартуу менен зыяны азыраак адаттарга алмаштыруу. Бул тамекиге өтө көз каранды бейтаптарга жардам бериши мүмкүн. Тамекини ысытуу системасын пайдаланууда адам дем алган жана дем чыгарган абада чайыр жок. Башкача айтканда, өпкөнүн былжыр челин буза турган башкы компонент алынган. Эгерде 55-70 жаш курагындагы адамдарды тамекини ысытуу системасына өткөрүүгө мүмкүн болос, анда ушул курактык топто ооруларды абдан катуу азайтууга мүмкүн болмок», - дейт илимдин доктору.
Баш мээнин өөрчүгөн мүнөздөгү оорусу болгон деменция тобокелдигинин фактору – тамеки чегүү экенин көбү биле бербейт. Деменциянын эң кеңири таралган формасы – Альцгеймер оорусу. Болжол менен бул оорунун пайда болушунун 14% учуру тамеки чегүүгө байланышкан. Тамеки түтүнү мээге жеткенде жаңы нейрондорду синтездөөнү басат. Нерв системасынын деградациясы эки эсе тез жүрөт жана карылык кем акылдыгы өнүгөт.
Чылым чегүү – инфециялык эмес оорулардын өнүгүү тобокелдиги факторлорунун бирөө гана (алкоголь, пайдасыз тамак-аш, кыймыл-аракеттин аздыгы). Эгерде ушул факторлор жоюлган болсо, анда жүрөк-кан тамыр ооруларынын, инсульттун, 2-типтеги диабеттин 80% учурунун жана рактын 40% учурунун алдын алууга мүмкүн боло турганын эсептеп чыгышкан.