Жашоо Медиа: “Эгерде адам эс-учун жоготсо эмне кылуу керек”
Кырдаалды элестеткиле: адам көчөдө бара жатат жана кокусунан эс-учун жоготту же болбосо сиз үйгө кайтып келсеӊиз жакындарыӊыздын бирөөсү эстен танып жатат. Мындай учурда эмне кылыш керек? Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева төмөнкүдөй аракет алгоритмин карманууну сунуш кылат:
1-кадам. Жабыркаган адамга жакын келгиле жана «ойготууга» аракет кылгыла. Бул үчүн анын ийининен акырын жулкулдатып, чачын уйпалап же кулак түбүн укаласа болот.
2-кадам. Эгерде реакция жок болсо, андан ары аракет кылабыз – дем алуусун жана кан тамырын текшеребиз. Муну «уктум, көрдүм, сездим» деген принцип боюнча жасоо керек. Сиз дем алууну угуп, көкүрөгүнүн кыймылы боюнча көрүп же жабыркаган адамга эӊкейип, бетиӊиз менен тынганын сезишиӊиз керек.
Эгерде дем алуусу токтоп, кан тамыры сокпой калса:
1-кадам. Негизги жүрөк-өпкө реанимациясын баштайбыз (ЖӨР)
2-кадам. Биринчи кезекте, жабыркаган кишинин оозун караш керек – себеби ооздун ичине дем алууну кыйындаткан шилекей жана кусунду топтолуп калышы ыктымал. Оозду жүз аарчы же марли менен тазалагыла.
3-кадам. Андан кийин бейтаптын оозун таза кездеме (марли жарайт) менен жапкыла жана эки жолу дем үйлөгүлө. Көкүрөгү көтөрүлүп жатабы же жокпу карагыла – эгерде кыймыл жок болсо, анда дем алуу жолдору дагы эле жабылып турат жана ооздун ичин кайталап тазалаш керек.
4-кадам. Көкүрөк клетканы компрессия кылууга өтөбүз. Көкүрөктү кийимден арылтабыз, төштүн ылдыйкы четин табабыз жана андан эки эли өөдө көкүрөктүн орто тушуна бир колубузду коебуз, анын үстүнөн экинчи кол менен басабыз. Мында чыканактар бүгүлбөй, колдун кыймылы так аткарылышы маанилүү.
5-кадам. Көкүрөк клетканы 30 жолу басып, 2 жолу дем үйлөө керек. Бул аракеттерди тез жардам келгенге чейин кайталоо зарыл, бирок 15 мүнөттөн көп болбош керек.
Эгерде дем алуусу жана тамырынын согушу калыбына келсе:
1-кадам. Адамды «калыбына келтирүү абалына» которгула – кусунду же башка суюктуктардан чакап калуунун алдын алуу үчүн аны капталынан жаткыргыла.
2-кадам. Тез жардамдын келишин күткүлө.