
Бокал ырымга айланган кезде: эмне үчүн алкоголь жашоого жеңил кирет
Алкоголь көбүнчө чарчоону басуунун жана стресстен арылуунун эң тез жолу болуп калат. Анын үстүнө, аны колдонуу социалдык жактан жактырылган жүрүм-турум катары кабыл алынат – анткени көпчүлүк өлкөлөрдө алкоголго тыюу салынган эмес, деп белгилейт көз карандылык боюнча эксперт, психолог Ангелина Демильханова.
Алкоголдук көз карандылык кантип пайда болот: адаттын, генетиканын жана чөйрөнүн ролу
Адистин айтымында, алкоголдук көз карандылыктын өнүгүшүнө жеке адаттар эле эмес, генетика жана чөйрө да таасирин тийгизет. Эгерде үй-бүлөдө кимдир бирөө алкоголдук көз карандылыктан жабыркаган болсо, бул көйгөйгө туш болуу тобокелдиги зор.
«Алгач үзгүлтүксүз колдонуу психикалык көз карандылыктын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен адат физиологиялык зарылчылыкка айланат. Адам чындыктан качуунун бул ыкмасын кайра-кайра колдонсо, алкоголь организмдин зат алмашуу процессине катыша баштайт. Анда аны стресстен арылуу үчүн эмес, жөн гана абстиненттик синдромдон качуу үчүн колдонушат», - дейт адис.
Алкоголду ашыкча ичүүнүн кесепети: эс тутумдун начарлашы, депрессия, тынчсыздануу
Күчтүү ичимдиктерди ашыкча пайдалануу мээге жана психикага терс таасирин тийгизет. Нейромедиаторлор бузулат жана эс тутум, интеллект, көңүл буруу төмөндөйт. Психикалык жүрүм-турумдун бузулушу – депрессия, тынчсыздануу, алкоголдук психоздун тобокелдиги жогорулатат.
«Көз карандылыктын пайда болушунун биринчи белгиси – толеранттуулуктун өсүшү: эффектти сезүү үчүн улам көбүрөөк доза талап кылынат. Натыйжада, адам канча жана эмнени ичишти көзөмөлдөбөй калат. Ошентип, ичимдикти эпизоддук колдонуудан системалууга өтөт да, алкоголь жашоодогу негизги кызыкчылыктардын бири болуп калат», - деп кошумчалады Ангелина Демильханова.
Алкоголдун зыянын кантип азайтуу керек: көзөмөл, хобби жана жакындардын колдоосу Ичидикке болгон көз карандылыкты дарылоонун эң натыйжалуу ыкмасы деп адис спирт ичимдигинен баш тартууну атады. Бул максатка умтулгандарга ден соолукка коркунуч туудурган нерселерди азайтууга жардам бере турган колдоонун жана көңүл ачуунун булактарын табуу маанилүү.
«Анын дозасын көзөмөлдөп, стресс учурунда ичпестен, хоббиге, спортко көңүл бөлүп, жакын адамдар менен баарлашса жакшы болот. Бул көз каранды болуу тобокелдигин азайтууга жардам берет. Ал эми көз карандылык бар болсо, сөзсүз түрдө адистерден жардам сураш керек», - дейт психолог.


