blog

Жеңил дем алуу – олуттуу кесепеттер: эмне үчүн тамеки тарткандар тез жардамды көбүрөөк муктаж

Тез жардам кызматын коомулук көп учурда олуттуу жол кырсыктары жана башка шашылыш кырдаалдар менен байланыштырышат. Бирок, чындыгында бул жөнөкөй эле: чалуулардын олуттуу бөлүгү кырсыктарга эмес, өнөкөт оорулардын – биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорусуна байланыштуу.

Бишкектеги тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов дарыгерлер көбүнчө оору кооптуу стадияга өтүп кеткенде бейтап үйүнө чакырылат деп баса белгиледи: «Биз көбүнчө бейтаптын абалы анын өмүрүнө коркунуч тийгизип жатканда кездешебиз. Ар бир оорунун курчушу — адам көп учурда көңүл бурбай койгондуктан, оору узакка топтолуп олтуруп, акыркы этабына алып келет. Мындай абалдардын өнүгүшүнө күчөгөн же өтүшүп кеткен айрым факторлор таасир этет. Ден соолукка терс таасирин тийгизген эң негизги факторлордун бири болуп - тамеки чегүү эсептелет», — деп белгилейт дарыгер.

Адистин айтымында, бул зыяндуу адат айрыкча дем алуу системасына оор сокку келтирет. Эң чоң тобокелдикте, адатта Өнөкөт обструктивдүү өпкө оорусу жана бронхиалдык астма менен жабыркагандар турат. Ошол эле учурда гипертониялык криздер, жүрөк оорусу, туруктуу эмес стенокардиянын кармашы боюнча да тез жардамга кайрылуулар көп болот. Мында башка шарттар - жагымсыз экологиялык абалдан баштап аллергиялык реакциялардын өсүшүнө чейин өз ролун ойношу мүмкүн. Бирок тамекинин түз таасири жөнүндө айта турган болсок, дал ошол тамеки жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын ооруларынын негизги фактору бойдон калууда.

«Медициналык коомчулук бир пикирди карманат: бейтаптар тамеки чегүүдөн толук баш тартуусу зарыл. Бирок тажрыйба жүзүндө биз көз карандылыктан арылууга баары эле эрки жете бербестигин көрүп жатабыз. Ошондуктан альтернативдүү ыкмалар колдонулуп жатат. Алар идеалдуу эмес, бирок жок дегенде коркунучтарды азайтып, тамекинин зыянын кандайдыр бир деңгээлде төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп жыйынтыктайт Егор Борисов.