blog

Корголгон жыныстык катнаш тобокелдикти төмөндөтүүнүн ыкмасы катары. Жаӊы изилдөөлөр натыйжалуулукту тастыктайт

Презервативдерди жана башка коргоо ыкмаларын колдонуу жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын (мындан ары - ЖЖЖИ) жугуу тобелдигин олуттуу төмөндөтүп, жалпы сексуалдык ден соолукту жакшыртарын жакынкы изилдөөлөр көрсөттү.

Сексуалдык ден соолук – ар бир адамдын жашоосунун маанилүү бөлүгү. Бирок корголбогон жыныстык байланыштар олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн: андан АИВ, сифилис, гонорея же хламидиоз оорулары жугушу ыктымал. Сексуалдык мамилелерден баш тартууга даяр эмес же өзүнүн адаттарын өзгөртүүдөн кыйналган адамдар үчүн ыктымал зыянды азайтуунун жолун табуу маанилүү. Жаӊы изилдөөлөр корголгон жыныштык катнаш ушул тобокелдиктерди төмөндөтүүдө канчалык натыйжалуу экенин тастыктайт.

Корголгон жыныстык катнаштын артыкчылыктары жөнүндө жаӊы изилдөөлөр

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун окумуштуулар тобу кеӊири изилдөө жүргүзгөн, анын жыйынтыгы The Lancet Infectious Diseases аттуу абройлуу медициналык журналга жарыяланган. Ал изилдөөлөрдүн максаты, презервативдерди колдонууну жактаган программалар жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын (мындан ары - ЖЖЖИ) чоӊ адамдардын арасында таралуусун төмөндөтүүгө кантип таасирин тийгизээрин аныктоо болгон.

«Биздин маалыматтар, презервативдерди колдонууну жайылтуу боюнча демилгелер ЖЖЖИнин таралышын олуттуу төмөндөтүп, калктын сексуалдык саламаттыгын жакшыртарын тастыктайт», - деп изилдөөнүн авторлору белгилейт.

Изилдөөнүн негизги корутундулары:

  • Презервативдерди пайдаланунун жогорулашы ЖЖЖИнин жугуу учурларынын олуттуу төмөндөшүнө алып келди.
  • Билим берүү программалары жана презервативдерди акысыз берүү катышуучулар арасында колдонууну көбөйттү.
  • Адамдар корголбогон жыныстык катнаштын тобокелдиктери жөнүндө көбүрөөк маалымат алышты жана алда канча жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көрсөтүштү. Корголгон жыныштык катнашка карата жолдогу тоскоолдуктар
  • Социалдык жана маданий стигмалар. Айрым коомдордо секс жөнүндө сөз кылуу жана презервативдерди колдонуу ылайыксыз иш деп эсептелет.
  • Жеткиликтүү эместик. Алыскы же жашоо шарты начар райондордо сактануу каражаттары жеткиликсиз болушу мүмкүн.
  • Билимдин жетишсиздиги. Тобокелдиктер жана сактануу ыкмалары жөнүндө төмөн маалымдуулук кооптуу жүрүм-турумга алып келет

Чечимдер жана сунуштар:

  • Мектептер, клинкалар жана ЖМК аркылуу маалымдуулукту жогорулатуу.
  • Презервативдерди акысыз же жеткиликтүү берүү программаларын кеӊейтүү.
  • Сексуалдык ден соолукту талкуулоону кадимки норма кылууга багытталган демилгелер.

Корголгон жыныстык катнаш – сексуалдык жүрүм-турумга байланышкан коркунучтарды төмөндөтүүгө байланышкан натыйжалуу ыкмалардын бири. Презервативдерди жана башка сактануу ыкмаларын колдонуу ЖЖЖИнин жугуу ыктымалдыгын төмөндөтөрүн жана жалпы сексуалдык ден соолукту жакшыртарын жаӊы изилдөөлөр тастыктайт. Маалымдуулук, сактануу каражаттарынын жеткиликтүүлүгү жана сексуалдык ден соолук маселелерин ачык талкуулоо – коопсуз жеке жашоого карата негизги кадамдар. Жүрүм-турумдагы анча чоӊ эмес өзгөрүүлөр сизге жана айлана-чөйрөӊүзгө олуттуу оӊ жыйынтыктарды алып келиши мүмкүн.

Корголгон секс – бул өзүӊө жана өнөктөшүӊө кам көрүү экенин унутпаӊыз. Жөнөкөй алдын алуу чаралары сиздин ден соолугуӊузга жана бакубатчылыгыӊызга олуттуу таасирин тийгизет.