
«Ден соолук - ар бир адамдын жоопкерчилиги». Тез жардам дарыгеринин пикири
Тех жардам кызматынын дарыгерлери күн сайын жөн гана ооруларга эмес, адамдын өз ден соолугуна байланыштуу көп жылдык чечимдеринин кесепеттерине туш болушат. Мындай пикирди Бишкек шаарынын тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.
«Тез жардам кызматынын системасында көп жылдан бери иштеп келе жатып, мен барган сайын ден соолук үчүн жоопкерчилик — эң биринчи кезекте адамдын өзүнө таандык экенине ынанып келем. Ооба, биз каалаган чакырыкка бара алабыз, медициналык жардам көрсөтө алабыз, абалды стабилдештирип, реанимация жүргүзө алабыз, бирок эгер адам күн сайын өзү-өзүнө зыян келтире берсе, эч бир саламаттыкты сактоо системасы муну жеңе албайт», – дейт дарыгер.
Анын айтымында, дал ушул себептен оор абалдагы жана айыккыс оорулуулардын саны көп:
«Бул – ден соолукка карата кайдыгер мамиленин натыйжасы: профилактиканын жоктугу, жашоо образын өзгөрткүсү келбегендик, туура эмес тамактануу, спорт менен алектенбөө, уйкуну тартипке келтирбөө, ичимдиктен жана тамекиден баш тартпоонун кесепеттери. Организм жаш болгондо үч сааттык уйку же башаламан тамактануу нормалдуу көрүнөт. Бир убактарга чейин организм аны коштоп турат да, кийин өз кесепеттерин көргөзөт», – деп түшүндүрөт ал.
Борисов өзгөчө көңүлдү зыяндуу адаттарга бурат. Албетте, аларды жеңүү ар дайым эле оңой эмес. Бирок ар бир адам ден соолугуна зыянды азайтуу үчүн аракет кылуусу керек. Эгерде курч абалды дарылоого мүмкүн болсо, ондогон жылдарда топтолгон зыянды толук жокко чыгаруу кыйынга турат.
«Биз бардык ооруларды алдын алууга чакырабыз. Эгер адам толук баш тарта албаса, жок дегенде ден соолукту сактоо үчүн зыянды азайтуучу альтернатива издөөгө тийиш. Бирок эң негизгиси – бул жеке тандоо. Ден соолук үчүн жоопкерчилик бир гана бейтептын өзүнүн колунда», – деп жыйынтыктады адис.


