blog

Гаджеттер доорунда көздү кантип сактаса болот. Академик Алмазбек Исманкуловдун кеӊештери

Күн сайын көзгө күч келтирүү – прогресс үчүн айласыз арга. Гаджеттер, компьютер жана сыналгы экрандары бардык жерде бар. Көздүн микрохирургиясы госпиталынын башчысы Алмазбек Исманкулов зыянды кантип азайтууга болору, өзгөчө учурлар, көздүн курчун сактоого жардам берген көнүгүүлөр жана каражаттар тууралуу айтып берди.

9G8A0519.JPG

– Кыргызстандыктарда кандай көз оорулары көп кездешет?

– Көрүү органдарынын ооруга чалдыгуу түзүмү жалпы дүйнөлүк тенденциядан анча көп айырмаланбайт. Абдан кеӊири таралган көйгөй – бул катаракта оорусу, мында көздүн чечекейи бозоруп, көрүүнүн начарлашына жана жыйынтыгында айыккыс сокурлукка алып келет. Ошондой эле, глаукомага алып келген кан тамыр көйгөйлөрү бар, бул дагы көздүн ички кан басымынын бузулушуна жана сокурлукка алып келиши мүмкүн. Анан дагы алысты көрүүнү начарлаткан көзгө күч келтирүү көйгөйү да бар. Мында көздүн көрүү органдары чоюлуп кетет, андан көздүн торчосу бузулат жана бул дагы сокурдукка алып келет.

– Гаджеттерди узак убакыт колдонуу көрүүнү начарлатат деген сөз канчалык чындык?

– Адамзат азыр заманбап байланыш каражаты жок жана маалыматка жеткиликтүү болбосо жашай албайт, ал эми маалыматтын негизги бөлүгү бизге көз аркылуу келип түшөт. Ооба, биздин көзүбүз табиятынан мынчалык үзгүлтүксүз колдонуу үчүн түзүлгөн эмес. Айрыкча бул жакындан көрүүгө тиешелүү. Ошондуктан мындай басымды генетикалык жактан дени сак адамдар гана көтөрө алат. Мурдагы муундар күчтүү болгон деп көп айтышат. Бирок бул андай эмес. Мурда ымыркайлар жана балдар өлүмүнүн деӊгээли абдан жогору болгон, андыктан кээ бир дени сак жана чыдамкай адамдар гана карылыкка чейин жеткен. Азыр дары-дармектер табиятынан алсыз адамдардын жашоосун узартууга жардам берет. Ошондуктан мектептерде азыркы балдар башынан өткөрүп жаткан көзгө түшкөн ашыкча басымдан улам алысты жакшы көрбөй калуу дээрлик тегиз таралган.

– Көз айнек тагынуудан улам акырындык менен көрүү бузулат деген чынбы?

– Жок, мындай байланыш жок. Андан көрө туура тандалган көз айнек пайдалуу. Мен баса белгилейм – туура тандалган көз айнек гана жакшы таасир этет!

– Сиз дарыгерлик тажрыйбаӊызда кандай бөтөнчө учурларга туш болгонсуз?

– Жакында тааныштарым чалып кеӊеш сурады. Сокулуктун тургуну короодо жүргөндө алма бактын бутагы көзүнө тийген экен. Анда каректин сырткы чели жеӊил жаракат алган сыяктуу ооруу көп сезилген эмес. Бир сааттан кийин оорубай калган жана ал бейтап Бишкекке чейин машина айдап келген. Андан кийин ал тоого альплагерге барган жана ал жактан бир аз үшүп калган. Ошондон кийин ал көзү ооруганын сезген жана ал оору мүнөт сайын күчөгөн. Мен аны Шарлин синдрому деп болжолдодум – бул мурун менен чекени жабдыган жогорку мурун нервинин жабыркашы. Жаткан абалда мурундун былжыр челинин шишиги күчөйт жана оору көзгө чейин таралат. Мен ал кишиге мурдуна сезгенүүгө каршы дары тамызууга кеӊеш бердим, бул бейтапты таӊ калтырды. Ошентип ал диагноз аныкталды жана оору басылды. Андан кийин бейтапка оорунун биринчи чыныгы себеби болгон мурун тосмосунун кыйшык жерин оӊдоо боюнча операция жасашты.

– Күндөлүк кандай адаттар көрүүнү узак жылдарга жакшы сактоого жардам берет?

– Көздүн саламаттыгы организмдин жалпы абалына байланыштуу болот. Андыктан сергек жашоо мүнөзүн кармануу жана көп кыймылдоо маанилүү. Биз күнөстүү өлкөдө жашаганыбызды эске алуу менен көздү ультра кызгылт көк нурлануудан коргой билүү зарыл. Мисалы күн бүркөөдө жалпы жарык деӊгээли азыраак болот, бирок күндөн коргоочу көз айнек тагынууну эч ким ойлобойт, бул абдан маанилүү. Аба-ырайы бүркөө күндөрү көздүн кареги кеӊеет жана көзгө ультра кызгылт көк нурлар активдүү кирет. Кышында буга кардан, жайкысын Ысык-Көлдүн суусунан ультра кызгылт көк нурлануунун чагылышы кошумча болот.

– Көздүн саламаттыгы үчүн өзгөчө маанилүү тамак-аш азыктары болобу?

– Ден соолуктун кепилдиги – көп түрдүү тамактануу. Эгерде кыскача айтсак, тамактануунун жер ортолук деӊиз стилин кармансак узак жашоого болот: анда жашылчалар абдан көп, жумасына эки жолу балык жана деӊиз азыктарын, жумасына эки жолу канаттуу этин, жумасына бир жолу кара кесек эт, эки күн вегетариан тамак-ашын жешет. Негизи тамакты аз жеш керек. 40 жаштан кийин күн сайын 30 грамм алкоголь ичүү зарыл. Пивону кээде гана, эӊ көп дегенде 0,3 литр ичсе болот. Сапаттуу күчтүү алкоголдук ичимдиктерден: 50 грамм виски же 50 грамм арак (дистилляция жолу менен гана алынган – ректифика́ция болбогон) алып коюу жетиштүү. Ал эми 150 грамм бир чөйчөк кургак шарап баарынан жакшы. Бирок алкоголду ашыкча ичүүгө кызыккан болбойт.

– Эгерде эч көйгөй болбосо да көз догдурдун кароосунан канча убакытта бир өтүп туруу керек?

– Мурда 40 жаштан улуу адамдарга жыл сайын кароодон өтүп туруу сунушталчу. Азыр мен бардыгына кароодон өтүүнү сунуш кылам. Көз көрбөсө жашооӊ кандай өзгөрөрүн ойлонгула. Көздү жуумп алып, жок дегенде бир күн жашап көргүлө.

– Сиз компьютерде көп иштеген адамдарга кандай көнүгүүлөрдү сунуш кылат элеӊиз?

– Организмде кан жана лимфа айланышы үчүн ар бир 30 мүнөт сайын отурган ордунан туруу жана кыймыл-аракет жасап туруу зарыл. Көздүн булчуӊдары эс алышы үчүн ар бир 15 мүнөт сайын алысты карап турууга аракет кылыӊыз.