
Кумар оюндары жана башка көз карандылыктар: тобокелдикти кантип аныктап жана азайтууга болот?
Аддикция (көз карандылык) - бул жөн гана жаман адат эмес. Бул реалдуулуктан чыгып, күчтүү эмоцияларды пайда кылган заттарга же активдүүлүккө берилип кетүү. “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин психология кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты, көз карандылыктар боюнча адис - Ангелина Демильханова көз карандычылыктын кантип пайда болоору, анын өнүгүү тобокелдигин эмне азайтары жана адамдар кумар оюнуна эмне үчүн берилип кетээрин түшүндүрөт. «Аддикция» деген сөз англис тилинен келип чыккан жана сөзмө-сөз «жаман адат» дегенди билдирет.
«Эгерде биз көз карандылык жүрүм-туруму тууралуу сөз кыла турган болсок, бул адамдын психикалык абалынын өзгөрүшү аркылуу реалдуулуктан алыстап кетишин билдирет. Бул химиялык заттардан, мисалы, алкоголдон, баңгизаттан, ошондой эле кумар оюндарынан же компьютердик оюндардан көз каранды болушу мүмкүн» - дейт көз карандылык боюнча адис Ангелина Демильханова. Анын айтымында, аддикцияда эң негизгиси - бул реалдуулуктан кетүү. Адам эмоциялык ыңгайсыздыкты же стрессти жеңип чыгуу жолун издеп, бир нерсеге же иш-аракетке көңүл буруп, ошол эле учурда күчтүү эмоцияларды сезет.
Эң байыркы көз карандылыктардын бири болуп кумар оюндары же гэмблинг эсептелет.
«Элдер аны контролук иллюзиядан улам көбүнчө жакшы көрүшөт. Биз оюндун жыйынтыгын көзөмөлдөп турабыз деп ойлойбуз, бирок бул жалган сезим. Рулетка же карталардын комбинациясы кокустук болуп саналат жана бул жерде эч кандай көзөмөл жок», - деп белгиледи психолог. Кумар оюндары ушуну менен эле кызыктуу эмес. Алар көйгөйлөрдөн убактылуу «качып кетүүгө» шарт түзөт. Адам ойноо чарчоодон арылууга жардам берет деп ойлойт, бирок бул убактылуу гана жеңилдик.
«Бул процесстен ырахат алууга умтулуу да маанилүү ролду ойнойт. Гэмблинг процесстин өзүнөн ырахат алуу сезимин тартуулайт, ал эми башкалардын курчоосунда болсо, бул адатка айланган жүрүм-турум болот да, азгырылуу ыктымалдыгы огош бетер жогорулайт», - деп эскертет Ангелина Демильханова.
Оюнга болгон оңой кызыгуу менен чыныгы кызыгууну төмөнкү белгилерден айырмаласа болот:
- адам оюндун жыштыгын көзөмөлдөй албай калат;
- аны жумуштан, үй-бүлөдөн же хоббиден жогору коет;
- зыяндуу натыйжаларга карабастан оюнду улантат.
Кумар оюндарына берилүү тобокелдигин азайтуу көйгөйдү түшүнүүдөн башталат. Кумар оюндары акча табуунун же жөн гана көңүл ачуунун жолу эмес экенин түшүнүү маанилүү. Муну моюнга алуу жүрүм-турумду көзөмөлдөө үчүн биринчи кадам болуп саналат. Оюндун убактысын жана чыгымдарын көзөмөлдөп, стресс учурунда оюндан баш тартуу, көз карандылыктан кутулууга жол ачат.


