blog

Эксперт – коопсуз жыныштык катнаш жөнүндө: Сексуалдык өнөктөштөрдө контрацепция түрлөрүн тандоо мүмкүнчүлүгү болууга тийиш

Корголбогон жыныстык катнаш пландалбаган кош бойлуулукка гана алып келбейт. Ишенимдүү контрацепция каражаттары колдонулбаган кокустук катнаш ден соолук үчүн чоӊ көйгөй пайда кылышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда жыныстык сабаттуулук жаатындагы кырдаал кандай болуп жатат, бул тууралуу сексуалдык ден соолук боюнча конультант, секс-терапевт, психолог Айканыш Эралиева менен талкуулайбыз.

Эмнеге венерикалык оорулардын деӊгээли өсүп жатат?

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январына карата 13 миӊ 256 АИВ-инфекциясы жуккан учурлар катталган, 2023-жылдын октярь айынан тартып үч айдын ичинде эле статистика 226 бейтапка көбөйгөн. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар да таралган. Мисалы өлкөдө вирустук гепатит жана сифилис менен көп ооруй башташты. Өткөн жылы гепатит менен ооругандардын саны 2,9 эсеге өскөн, ошондой эле сифилистин 280 жаӊы учуру аныкталган.

«Кыргызстанда жыныстык жол менен жугуучу ар түрдүү оорулар таралган. Алар эндемикалык мүнөзгө ээ эмес жана бардык аймактарда кездешет, анткени адамдар бардык жерде жыныстык практика менен алектенишет. Бизде сифилис, гонорея, хламидиоз, трихомониаз, уреаплазмоз жана башка оорулар жуккан учурлар катталууда», - деп сексуалдык ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева санап өттү..

Эгерде жыныстык жол менен жугуучу инфекциядан дарыланбаса, анда алар репродуктивдүү ден соолукка зыянын тийгизерин эске салды. Анын кесепети абдан оор болушу ыктымал – бул ар кандай кандай кабылдоолордон тартып, тукумсуздукка чейин жеткириши мүмкүн.

«Венерикалык оорулардын өсүшүнө адаттагыдай эле жыныстык тарбиядагы кемчиликтер жана жыныстык катнаш убагындагы коргонуу чаралары жөнүндө аз маалымдуулук себеп болууда. Тилекке каршы, аял же эркек экенине карабай Кыргызстандын калкынын арасында маалымдуулук деӊгээли дагы деле төмөн. Мунун себеби бардык эле мектептерде сексуалдык билим берүү сабактары өткөрүлбөйт. Биздин сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолугубуз жөнүндө маалыматка толук жеткиликтүүлүк жок», - деп адис белгилейт.

Аялдарда сактануу каражаттарын тандоонун жоктугу – башка бир көйгөй. Аялдар презервативдери гуманитардык линия боюнча таратылат, алар дарыканалардан табылбайт. Ал эми рынокто эркектер презервативдери, жатын ичине коюлуучу спиралдар жана оралдык контрацептивдер гана бар. Бирок акыркы эки сактануу каражаты жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактабайт. Дарыкана пункттарында сперматозоиддерди буза турган заттар - спермициддер дагы сатылат. Бирок алар ЖЖЖИден коргобойт, ошондой эле пландалбаган кош бойлуулуктан сактануу маселесинде натыйжасы төмөндүгү менен айырмаланат, деп сексуалдык ден соолук боюнча кеӊешчи белгилейт.

Өлкөдө кандай адистер өтө тартыш болуп жатат?

Эксперт репродуктивдүү ден соолукту сактоонун алдын алуу чаралары жөнүндө айтып жатып, бардык деӊгээлдерде жана өлкөнүн бардык аймактарында медициналык тейлөөгө жана сексуалдык билим берүүгө жеткиликтүү болуунун, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдүү укуктарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мындай жеткиликтүүлүк борбордо гана эмес, аймактарда да болууга тийиш. Сексуалдык өнөктөштөрдө ар ким өзүнүн жашоо мүнөзүнө, каржылык абалына, ден соолугуна жараша ылайыктуу ыкманы тандап алуу үчүн контрацепциянын көп түрү болууга тийиш. Репродуктивдүү жана сексуалдык ден соолукту сактоонун алдын алуу чаралары үчүн жетиштүү адистердин болушу абдан маанилүү: эркектер үчүн андрологдор, өспүрүмдөр үчүн гинеколог сөзсүз болушу керек – мындай адистер өлкөдө абдан тартыш болуп жатат», - дейт адис.

Албетте ар бир адам жекече деӊгээлде жоопкерчиликтүү жана коопсуз жүрүм-турумду көрсөтүүгө тийиш: чек-ап текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүү, интимдик гигиенаны сактоо, коопсуз сексуалдык практиканы колдонуу, контрацепциянын текшерилген ыкмаларын пайдалануу керек. Бул жагынан аялдар жана эркектер презервативдери, ошондой эле оралдык секс үчүн латекс кол аарчылары эӊ ишенимдүү коргонуу ыкмалары болуп саналат. Бирок Кыргызстандын рыногунда эркектер кондомдору гана сатылат.

Эгерде корголбогон жыныстык катнаш болуп, өнөктөштөн күмөн санасаӊыз эмне кылыш керек?

«Республикалык «СПИД» борборуна дарылык каражаттарды үзгүлтүксүз кабыл алуу шартында АИВ-инфекциясын жуктуруунун алдын алуу үчүн байланышка чейинки профилактика (БЧП) үчүн кайрылууга болот - деп жооп берди секс-терапевт. – Эгерде пландалбаган кош бойлуулуктун алдын алуу жөнүндө айтсак, анда корголбогон жыныстык катнаштан кийин алгачкы 72 саатта шашылыш контрацепцияны колдонууга болот. Бирок ал дайыма колдоно турган контрацепция ыкмасы эместигин унутпоо керек, аны жылына бир жолу гана колдонууга болот».

Соӊунда биз коопсуз секс жөнүндө эӊ кеӊири таралган имиштер жөнүндө сурадык. Көрсө презервативди колдонууга байланыштуу мурдагыдай эле көптөгөн адашуулар бар экен.

«Бул сексуалдуу эмес, презерватив сезгичтикти төмөндөтөт жана колдонууда өнөктөштөр аз ырахат алат деп эсептешет. Чындыгында презерватив сезгичтикке эч таасир этпейт – азыр сатыкта өтө жука заманбап өнүмдөр бар, - деп түшүндүрөт Айканыш Эралиева. – Эми жыныстык катнашты «мүчөнүн кынга кириши» деп гана түшүнгөн аныктамадан четтөөгө убакыт келди. Чынында бул физикалык жана психологиялык практика сыяктуу эле сиздин денеӊиз ырахат алуу үчүн пайдаланылган кадимки тажрыйба. Андыктан сексуалдык мамилелердин абдан тар аныктамасынан алыстай баштагандан тартып коопсуз жыныштык катнаш дагы сексуалдык канааттануу сыяктуу эле алда канча көбүрөөк боло баштайт».