
«Баңгизат оорудан качуунун жолу катары»: психолог көз карандылыктын себептери жана айыгуу жолдору жөнүндө
Баңгизаттар алгач ооруну жана түйшүктү азайтуучу каражат катары жаралган. Бирок убакыттын өтүшү менен жардам берүүгө тийиш болгон бул нерсе чындыктан качуу куралына айланды.
Баңгизатка көз карандылыктын өрчүшүнө эмне себеп?
Бүгүнкү күндө адамдын тандоосуна ички сезимдер гана эмес, сырткы чөйрө дагы таасир этет – массалык маданият, жарнама, тегеректегилердин кысымы, мода. Ушунун баары тыюу салынган заттарга кызыгууну же атүгүл аларды колдонуп көрүүнү каалоону жаратышы мүмкүн.
«Баңгизаттар стресстен, оорудан, ички боштуктан арылуунун жолу болуп калды. Көптөгөн көз каранды адамдарда гедонисттик түзүм деп аталган нерсе бар, бул – кумарга умтулуу жана азаптан кутулууну каалоо», - дейт көз карандылык менен иштөө боюнча эксперт, психолог Ангелина Демильханова.
Ал баңгизат көз карандылыгынын өнүгүшүнө көбүнчө өзүн-өзү баалоонун туруксуздугу жана тарбиялоонун өзгөчөлүгү өбөлгө түзөрүн белгилейт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, гиперкамкор үйбүлөөдө чоңойгон балдарда көз карандылык жүрүм-турумунун пайда болуу тобокелдиги жогору.
Сырткы тобокелдик факторлорунун арасында – стресстик кырдаал, жумуштан айрылуу, пандемиянын кесепеттери бар. Ушунун баары адамды баңгизат колдонуу менен убактылуу жеңилдик издөөгө түртүшү мүмкүн.
Баңгизат организмге кантип таасир этет?
Баңгизаттардын организмге тийгизген таасири жөнүндө сөз кылып жатып, эксперт психологиялык көз карандылыктын - аң-сезимдин абалын дайыма өзгөртүүгө болгон каалоонун - башталышын белгилейт. Андан кийин физикалык адат пайда болот: адам психоактивдүү заттар жок нормалдуу иштей албайт, анткени ал нерв системасынын зат алмашуу процесстеринин бир бөлүгү болуп калат. «Кээ бир баңгизаттын түрү мээнин сыйлык системасына таасир этип, дофаминдин табигый өндүрүшүн бөгөттөйт. Натыйжада, баңгизатка көз каранды адам мурунку эмоцияларды сезүү үчүн улам көбүрөөк затты керектейт. Андан кийин абстиненттик синдром пайда болуп, физикалык жана эмоционалдык ооруну жеңүү үчүн кайрадан баңгизат кабыл алууга туура келет», - деп кошумчалады эксперт.
Баңгизаттарка көз каранды болуудан кантип арылса болот?
Бангизаттан толук баш тартуу үчүн комплекстүү дарылануу зарылдыгын адис баңгизатка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолу деп эсептейт.
«Бул үчүн медициналык детоксикация, көз каранды адам менен узакка созулган психотерапия жана анын жакындары менен иштөө зарыл. Реабилитациялык программалар жана кээ бир учурларда – алмаштыруучу терапиялар маанилүү ролду ойношот. Өз кызыкчылыктарын өнүктүрүп, спорт менен машыгуу, хобби табуу маанилүү. Сөзсүз түрдө баңгизатка көз каранды адамдар менен байланышты жокко чыгарып, баарлашуу чөйрөсүн алмаштыруу, баңгизатсыз келечекти пландаштыруу зарыл. Жашоо мааниге толо баштаганда, реалдуулуктан жасалма качуу зарылчылыгы акырындык менен жок болот», - деп жыйынтыктады Ангелина Демильханова.


