blog

Тамекини таштай албайсыңбы? Зыянды азайт

Статитистика боюнча, чылым чеккендердин 70% жаман бул адаттан арылууну каалайт, ал эми 40% буга активдүү аракет кылат. Бирок өз күчү менен тамекини таштаганга жана кайра чекпегенге 100 кишиден 5 адамдын гана эрки жетет экен. Бул бактылуу бештик тамеки түтүнү коштоп келе турган ар түрдүү оорулардан өзүн коргой алат. Ал оорулардын көпчүлүгү адамды өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Эмне үчүн түтүн?

Медиктер тамеки түтүнүнөн бүткүл адам организми жабыркай турганын тастыкташат жана чылымдын күнүмдүк коопсуз дозасы болбой турганын айтышат. Тамеки күйгөндө анын түтүнүндө метан, аммиак, синил кычкылы, полоний, ис газы, коргошун, цезий, мышьяк сыяктуу 6000 жакын ар түрдүү химиялык заттар жана бирикмелер түзүлө турганын баары эле биле бербейт. Ушул уулуу бөлүкчөлөргө каныккан чайыр, тамеки түтүнү менен бирге чылым чегүүчүнүн организмине кирет жана өпкөгө топтолот. Жыйынтыгында дем алуу жана кан тамыр системасы биринчилерден болуп иштен чыгат. Ошол эле учурда, тамеки түтүнүндөгү 89 химиялык бирикме – канцерогендер экенин эч унутпоо зарыл. Башкача айтканда, алар эртеби-кечпи онкологияга алып келиши мүмкүн.

Азыраак зыян

Тамеки чегүүдөн биротоло баш тартуу менен ден соолук көйгөйлөрүнөн сактануудан өткөн жакшы жол жок. Мындай чечим кабыл алган ар бир чылым чегүүчү толук өпкөсү менен дем алат жана жашоонун даамын сезет. Бирок биз тамеки чегүүнү өз алдынча 5% адамдар гана таштай аларын билебиз. Калган адамдарга ар түрдүү жардам берүү керек болот. Бүгүнкү күнү чылымдан баш тартуунун бир нече методдору сунушталат. Анын ичинде, дүйнөгө улам белгилүү болуп бара жаткан зыянды азайтуу концепциясы бар. Ал бир гана чылым чегүүгө гана тиешелүү эмес, бул ыкма организмге зыян тийгизип жаткан башка адаттарга да каршы колдонулат. Концепция көз каранды адамга тамеки чегүүгө тыюу салбастан, зыяны азыраак альтернатива сунуштаганы менен өзгөчөлөнөт. Масштабдуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамекини ысытуу систамасы (ТЫС), ушундай альтернатива болуп саналат. Окумуштуулар күйгүзүп чегилген салттуу тамекиге караганда, түтүн чыгарбаган чылымдарда зыяндуу заттардын деңгээли 95% азыраак болорун далилдешкен.

Буу же түтүн? Чоң айырмачылык

Салттуу чылым менен тамекини ысытуу системаларынын ортосунда негиздүү эмне айырмачылык бар? Келгиле талдап көрөлү.

Биз жогоруда жазгандай, тамеки түтүнү чылымды күйгүзүүнүн продуктусу болуп саналат. 800°C жогорку температурада көптөгөн химиялык реакциялар жүрөт. Көпчүлүк бөлүгүндө канцероген заттар камтылган чайыр түзүлөт. Мындан тышкары, күйүүдө адам өмүрү үчүн өтө кооптуу болушу ыктымал оор металлдар жана башка ар түрдүү уулар бөлүнүп чыгат.

Түтүн чыгарбаган чылым түзүлүштөрүндө күйүү болбойт. Тамеки аларда 350°C температурага чейин гана ысытылат. Ошондуктан түтүн эмес, буу түзүлөт. Анда зыяндуу заттардын орточо үлүшү 95% төмөн болот. Тамеки күйгөндө ашыгы менен бөлүнүп чыккан ис газын алып көрөлү. Түтүн чыгарбаган чылым түзүлүштөрүндө анын үлүшү атмосфрада канчалык өлчөмдө болсо, ошондой концентрацияда гана кездешет.

Башкалардан алда канча натыйжалуу

Зыянды азайтуу концепциясы тамекини ысытуу системасынын жардамы аркылуу чылым чегүүдөн акырындык менен баш тартууну караштырат. «The Lancet» аттуу абройлуу медициналык журналдын маалыматы боюнча, түтүн чыгарбаган чылым түзүлүштөрү башка ыкмаларга караганда бир топ натыйжалуу болуп саналат. Алсак электрондук чылым колдонгон сыноого алынгандардын 7,3% алты айдан кийин тамеки чегүүнү таштаган. Ошол эле максатта никотин пластырларын колдонгондор бир топ азыраак – 5,8% болуп чыкты. Мындан тышкары, «The Lancet» кызыктуу фактыларды жарыялады: электрондук чылымдарды пайдалануучулардын 5% жарым жылда кадимки тамекини күндүз чегүүнү эки эсеге азайтышкан. Ал эми никотин пластырларын колдонуучулардын 41% гана ушул көрсөткүчтү кайталай алышкан.