Тамеки түтүнүнө альтернатива
Бул эмнеге мынча маанилүү? Кадимки тамекини тартып жатканда анын учундагы температура 900°C чейин жогорулайт. Тамеки жана кагаз күйөт, чайыр, түтүн жана 6000 жакын ар түрдүү химиялык бирикмелер түзүлөт. Алар организмге киргенде былжыр челге жана өпкөгө жармашат. Жогоруда айтылган 6000 химиялык заттын арасында 69 зат канцероген болуп саналат. Эртеби-кечпи, алар чылым чегүүчүнү онкологиялык ооруларга алып келет. Күйүүдөн улам пайда болгон тамеки түтүнүндөгү ис газы дагы адам организмине чоң зыянын тийгизет. Ал организмде кан тамыр системасы боюнча кычкылтекти өткөрүүнүн тосот, ошондон улам дем кысылуу болуп өтөт.
Жүргүзүлгөн сурамжылоонун катышуучулары, зыяны азыраак альтернативдүү чылымдар жөнүндө толук маалымат билбей турганын билдиришкен. Анда чылым чегүүчүлөрдө кандай тандоо бар?
Түтүн чыгарбаган альтернативдүү өнүмдөр улам барган сайын көп өлкөлөр колдоого алып жаткан зыянды азайтуу концепциясынын арты менен белгилүү боло баштады. Көз карандысыз изилдөө борборлору жана мамлекеттик лабораториялар жөнгө салуу үчүн дайыма изилдөө жүргүзүп келген варианттар топтомун келтиребиз, ал эми электрондук чылымды өндүрүүчүлөр дайыма жакшыртууда жана улам зыяны азайып бара жатат.
Кыргызстанда кеңири таралган вейптер, тамекини ысытуу системасы, ошондой эле никотин пауч жана снюс жетиштүү деңгээлде жеткиликтүү жана коопсуз деп эсептелет.
Ушул түтүнү жок өнүмдөр кадимки тамекиден гана эмес, бири биринен дагы абдан айырмаланат.
Мисалы тамекини ысытуу системасы (ТЫС) – бул тамекини чакан стиктерде 250°C-350°C температурада ысыткан электрондук гаджеттер. Бул электрондук түзүлүштө тамекини күйгүзүүгө жетишсиз болгон анча ысык эмес температура болот. Ошондуктан тамеки түтүнүнүн ордуна адам аэрозолду тартат.
Вейптер – таза түрүндөгү тамеки камтылбаган чылым түзүлүшү. Алар атайын суюктукту буулантат, ошондуктан чылым чегүүчү аны соргондо түтүндү эмес, бууну тартат. Бул девайста күйүү жүрбөйт, демек тамекини күйгүзгөндө пайда боло турган канцерогендер жана чайыр бөлүнүп чыкпайт.
Никотин паучу – бул тамеки заты камтылбаган, чылым эмес, оозго сала турган өнүм. Ал эми снюс – чайналуучу майдаланган тамеки, ал эрин менен бүйлөнүн ортосуна салынат.
Дагы бир жолу белгилей кетели, бардык ушул альтернативдүү өнүмдөрдү салттуу тамекиден айырмалай турган жалпы белги бар. Бул күйүү процессинин жоктугу.
Түтүнү жок түзүлүштөрдө же суюктук бууланат, же ысытылат, бирок тамеки күйбөйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бууда бөлүнүп чыккан заттардын тамеки түтүнүнө караганда 95% зыяны азыраак келет. Ушундан улам тамекини ысытуу системасы жана вейптер кадимки тамекиге караганда зыяны азыраак деп эсептелет. Ал эми дүйнөдө улам белгилүү болуп бара жаткан зыянды азайтуу концепциясы, түтүнсүз чылымдарга өтүүнү тамекиден баш тартуунун биринчи кадамы деп айтат.