
Тыюу салуулар иштебейт. Тамекини таштоого эмне жардам берет?
Тамеки чегүү – жүрум-турумдун көз карандылыгынын эң кеңири таралган түрүнүн бири жана андан баш тартуу ойлогондон да кыйын. Эмне үчүн мындай жана зыянды азайтууга эмне жардам берет, психолог Ангелина Демильханова айтып берет. Тамеки чегүү күнүмдүк турмушка терең сиңип, көбүнчө социалдык жактан жактырылган жүрүм-турум катары кабыл алынат. Көз карандылык менен иштеген эксперт, психолог Ангелина Демильханованын айтымында, бул туруктуу адаттын пайда болушуна да шарт түзөт.
«Тамекиден арылуу кыйын, анткени бул көз карандылыктын социалдык жактан алгылыктуу формасы. Ал физикалык көз карандылык менен гана чектелбестен, психикалык компонентке да ээ – чылым чегүү көбүнчө адатка айланат. Эртең мененки кофе, кесиптештер менен тамеки чегүүчү жайдан жолугушуу, көчөдөгү тыныгуу – бардык жерде тамекиге орун бар. Ошондуктан, адам зыянды түшүнсө да, таштай албайт – анткени аны колдоо бардык жерде бар», - деп түшүндүрдү адис.
Чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн классикалык ыкмалары салттуу түрдө чектөөлөр же катуу тыюу салуулар менен байланышкан. Көптөгөн мамлекеттер тамекиге каршы мыйзамдарды катаалдаштырууда, бирок адис белгилегендей, тыюу салуулар дайыма эле натыйжасын бере бербейт.
«Тыюу салуу чаралары дайыма эле натыйжалуу болбойт. Адамга бир нерсени тыюу салганда, көбүнчө каршылык пайда болот да – аны тескерисинче аткаргысы келет», - деп кошумчалады Ангелина Демильханова.
Анын айтымында, организмге эң чоң зыянды чылым чегүү процессинде пайда болуучу күйүү продуктылары алып келет.
«Классикалык тамекилер никотиндин айынан гана эмес – физикалык көз карандылыкты пайда кылуучу психоактивдүү зат, – күйүү процессинин өзүнөн да кооптуу. Ал көптөгөн уулуу кошулмалардын бөлүнүп чыгышы менен коштолот жана жаман ооруларды, анын ичинде өпкө рагын пайда кылышы мүмкүн», - дейт адис. Тамеки чегүүнү толугу менен таштоо ден соолукту сактоонун эң жакшы чечими. Эгер адам таштай албаса, анда зыяны азыраак альтернативага өтсө болот.
«Эгер күйүү процессин жок кылсак, организмге тийгизген терс таасири азаят. Ошондуктан, зыяндуу заттарды азыраак бөлүп чыгаруучу хиттер (тамекини ысытуу системасы) сыяктуу түтүнсүз альтернативалар иштелип чыккан. Бирок, бул дагы, зыянды азайтууга карай кадам болуп гана саналат. Көз карандылыкты дарылоодо биз тамекини колдонууну толугу менен токтотууга аракеттенүүнү сунуштайбыз», - деп жыйынтыктады эксперт.


