Жашоо Медиа: “Эгерде адам какап калса эмне кылуу керек”
Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева эгерде адам какап калса эмне кылуу керектигин айтып жана көрсөтүп берет. Андай кырдаалда биринчи кезекте жабыркаган адамдын абалын түшүнүү маанилүү:
Дем алуу органдарынын жарым-жартылай обструкциясы. Бул адам чакаган учур, ал дем ала алат, сүйлөйт же жөтөлөт, дем алуусу кыркыроо менен коштолот, ал жан талашып тамагын кармалайт. Мындай учурда дүрбөлөӊ түшүп кереги жок – анда дагы жөтөлүп турууну сурагыла, анткени бул дем алуу жолдорунда туруп калган затты кетирүүгө жардам берет. Геймлих ыкмасын колдонууга болот.
Дем алуу органдарынын толук обструкциясы. Эгерде адам жөтөлбөй, сүйлөбөй жана дем ала албай калса токтоосуз түрдө Геймлих ыкмасын колдонуу зарыл. Аны кантип туура аткаруу керек?
1-кадам. Жабыркаган адамды эки колуӊуз менен курсак тушунан, бирок киндиктен өөдө жана көкүрөктөн ылдый жагынан кучактаӊыз. Бул эпигастралдык зона деп аталат.
2-кадам. Жардам берип жаткан адам жабыркаган кишинин курсагынан бекем кучактап, кый сүбөө жана өпкөсүн кысып, бир нече жолу өзүнө тартып жогору карай силкүү керек.
3-кадам. Ар бир силкүүдөн кийин такалып калган заттын чыкканын же чыкпаганын көрүү үчүн жабыркаган адамдын оозун карап, абалын байкап туруу зарыл. Эгерде какаган адам жөтөлө алса, анда дагы жөтөлүүсүн сураӊыз.
Эгерде жабыркаган адам эс-учу жок жатса:
1-кадам. Жабыркаган адамды катуу түз жерге жаткыргыла.
2-кадам. Колдорду киндиктен өөдө коюп, ичин жогору карай катуу баскыла. Ар бир баскан сайын какатып жаткан заттын оозунан чыгышына көз салып тургула.
Маанилүү! Бул ыкманы чоӊ кишилерге колдонуу жакшы натыйжа берет, бирок 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга жана салмагы ашыкча кишилерге болбойт. Бир жашка чейинки балдарды башын ылдый каратып көмкөрөсүнөн кармап, эки далысынын ортосуна алакан менен чабуу керек.
Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеӊештерди таба аласыздар.