blog

Никотин – ЖЭОнун эң башкы себеби эмес

Британ психиатры Майкл Рассел: «Адамдар никотин үчүн чегет, бирок чайырдан өлөт», - деп айткан. Заманбап илимий изилдөөлөр бул тыянактын тууралыгын тастыктады: никотин зыяндуу зат жана көз карандылыкты пайда кылса дагы – чылым чегүү алып келген оорулардын негизги себеби эмес.

Көпчүлүк никотинди тамекидеги эң зыяндуу зат деп эсептейт. Бирок бул адашуу. Тамекинин жалбырагында кездешкен өсүмдүк алкалоиди адам организмине чылым чегүүдө гана келип түшпөйт. Ал азыраак өлчөмдө кээ бир азык-түлүк түрлөрүндө, мисалы баклажанда, ак кочандуу капустада, помидордо, картошкада жана кара чайда дагы кездешет.

Албетте никотин кооптуу зат болуп саналат. Биринчи кезекте ал жеңип чыгуу өтө татаал болгон тамекиге туруктуу көз карандылыкты жаратат. Алкалоиддер көп өлчөмдө кан тамыр системасынын, жүрөктүн, боордун жана мээнин иштешин бузат. «Никотиндин бир тамчысы» бир жылкыны өлтүрөт деген белгилүү мисалды эстеп көрөлү. Чынында бул миф. Япониялык окумуштуулар бул жандыкты өлтүрүү үчүн 3,5 грамм же 70 тамчы никотин керек болорун эсептеп чыгышкан. Маалымат үчүн, бир чылым тамекиде күчтүүлүгүнө жараша 0,3 миллиграммдан 1,4 миллиграммга чейин никотин камтылган. Өлтүрө турган дозаны алыш үчүн адамга 25 даана чылымдан 100 даанага чейинки тамекини арты артынан тынбай тартыш керек болот.

Эң кызыгы, башында чылымда болгон жалпы никотиндин 30% тамеки түтүнү менен бөлүнүп чыгат, ал эми канга андан да аз никотин келип түшөт. Калган пайызын адам сыртка дем менен чыгарып үлгүрөт. Никотиндин үлүшүн тамекини күйгүзүүдө бөлүнүп чыккан өтө уулу зат формальдегид бузууга жөндөмдүү. Анан ушул учурдан толук маалымат бере кетели.

Никотин өз алдынча өпкө жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин жогорулатпайт. Ал эми тамекинин күйгүзгөндө бөлүнгөн уулуу жана канцерогендүү таасири бар заттар мында зор мааниге ээ. Тамеки чайыры 600-900 °C температурада түзүлөт жана түтүн менен кошо бөлүнөт. Бир тамекини тартуу менен чылым чегүүчү 6 миңден ашык компонент менен дем алат, андан 69 зат уулуу болуп саналат жана организмге орду толгус зыян тийгизет.

Бул илимий фактылар менен тастыкталган. Британиянын Саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздоо улуттук институтунун эксперттери, биринчи кезекте никотин эмес, токсиндер менен канцерогендер ооруларды пайда кылат жана өлүмгө алып келет деген жыйынтыкка келишкен. Так ушул тамеки түтүнү өпкө рагы себептүү болгон өлүмдөрдүн 90% жана бардык рак ооруларынын 30% өлүм учурлары үчүн күнөөлүү.

Тамеки парадоксу ушундай: «Адамдар никотин үчүн чегет, бирок чайырдан өлөт».

Муну билүү кызыктуу

Окумуштуулар никотиндин пайдалуу ыктымал касиеттерин активдүү изилдеп жатат. Алардан бир нече мисал келтирели.

  • Никотин нерв клеткаларынын бузулушун азайтуу жана алардын жашап кетүүсүн жакшыртуу менен Паркинсон оорусунун өөрчүүсүн жайлатат.
  • Накта никотин деменциянын алдын алуучу каражаттардын бири катары каралат. Ал окууну жана эске тутууну кошуп алганда конгнитивдик процесстерди жакшыртат.
  • Алкалоид борбордук нерв системасына стимул берүүчү таасир көрсөтөт, бул маанайды көтөрөт. Жыйынтыгында кооптонуу жана тынчсыздануу азаят.
  • Никотин табитти басат. Ошондуктан ал тамакка опкок адамдарга арыктоого жардам берет.
  • Nicotiana уруусунун ар түрдүү өсүмдүктөрүнүн жалбырактарынан алынган экстракттар антипаразиттик касиеттерге ээ жана ветеринарияда колдонулушу мүмкүн.