
«Үч сегиздик» эрежеси: жумуштагы чарчап-чаалыгуудан кантип сактанууга болот
Жыйырма жылдай илгери кесиптик чарчоо жөнүндө билгендер аз болчу, анткени бул актуалдуу эмес эле. Бүгүн бул ойдон чыгарылган жана сандырак сөз эместиги түшүнүктүү болду – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чарчоону Оорулардын эл аралык классификациясына кошту. Эксперттр бул синдромго маани бербей коюуга болбой турганын белгилейт. Анын айкын белгилерин тоотпой коюу узакка созулган депрессияга алып келиши мүмкүн, андан адистин жардамы жок чыгуу оӊой эмес. Айтсак Европада муну эӊ жакшы түшүнүшөт жана эгерде бейтапта ушундай диагноз табылса, аны оорусу боюнча өргүүгө жиберишет.
Психолог Ангелина Демильханова белгилегендей, чарчап-чаалыгуу – жөн гана модалуу тренд эмес, анын себептерин дүйнөлөшүүдөн издеш керек. Жыл өткөн сайын диагноздун саны өскөндүн үстүндө гана болот. Ошондуктан өткөн кылымда медиктер гана колдонгон терминди бүгүнкү күнү баардыгы айтып калды.
«Мурда иштин өзгөчөлүгү башкача болчу. Шарттуу түрдө талаадагы оор жумуш эмоциялык чарчоого алып келген эмес. Жөнөкөй жана көнүмүш иш менен алектенген адам маалыматтык ызы-чууга алаксыган эмес жана кечинде чарчоо деген бир гана симптомду сезчү. Бүгүнкү күнү адамдын көӊүлү толук түрдө иштин жүрүшүнө бөлүнгөн. Кызматкер кайсы бир маселелерди чечет, чалууларга жооп берет, соцтармакка алаксыйт жана бир эле учурда мессенджерлерде бир нече адам менен кат жазышат. Мындай иш жүктөмдүн чарчоого алып келери дагы бекеринен эмес», - деп түшүндүрөт адис.
**Кандай факторлор эмоционалдык жабыркоону пайда кылат? **
Англис тилиндеги «burn out» сөзүнүн түз мааниси «күйүү» дегенди билдирет. Ушуга байланыштуу австриялык психотерапевт Альфрид Лэнгле: күйүш үчүн алгач кандайдыр бир идеядан от алып тутаныш керек, - деп айткан:
«Андыктан биз канчалык аралыкты сактасак, ошончо азыраак энтузиазм көрсөтөбүз, ошондо күйүп кетүү тобокелдиги жана эмоциялык чарчоо синдромуна кабылуу ошончолук төмөн болот. Баары ченеми менен болуш керек», - деп кошумчалады Ангелина Демильханова.
Адис эӊ алгач иш тартибин аныктап алууга кеӊеш берет – балким көйгөй иш убактысын туура бөлүштүрө албагандан болушу мүмкүн. Ал чарчап-чаалыгууга таасир тийгизе турган башка факторлордон аз убакыт уктоону жана гиподинамияны, чоӊ иш жүктөмүн жана жакындары тарабынан колдоонун жоктугун белгилейт.
Жеке өзгөчөлүктөрдү дагы эске албай коюуга болбойт: перфекционизмге жакындык, баарын көзөмөлдөөгө умтулуу, өзүнө ашыкча көп милдеттенмелерди алуу жана ошол эле учурда баары үчүн жоопкерчилик тартуу. Чарчоо – бул өзүӊдөн мүмкүн эмес нерсени талап кылып баштоону жана акырындык менен ички ресурстарыӊды түгөтүү дегенди билдирет.
Организм олуттуу стресске чалдыкканын кантип түшүнүү керек?
Мурда оӊой эле чечилген күндөлүк жумуштар кокустан колдон келбей турган оор ишке айланса жана аларды аткарууга алда канча көбүрөөк күч-аракет жана убакыт жумшоого туура келсе сактануу керек.
«Андан соӊ мени мында баалашпайт жана дайыма пайдаланышат деген сезим пайда болот. Өз жумуш күнүн туура бөлүштүрүү жөндөмү жоголот. Жумуш баардык ал-күчүн алат, эс алуу жана хоббиин мындай кой, жакындары менен баарлашууга убакыт калбай калат», - деп психолог мисалдарды келтирет.
Ошол эле учурда когнитивдик функциялар начарлайт: көӊүл коюу төмөндөйт, маалыматты начар эстеп калат, окуган нерсени түшүнүү татаалдайт. Анан дагы дайыма чарчай баштайт, жумушка терс мамиле иштелип чыгат, тынчсыздандуу жана айланадагыларга кыжырдануу пайда болот, жашоонун мааниси жоголот жана эч нерсе жасагысы келбейт. Жатып эс алууну гана каалап калат.
Бул кадимки эле жалкоолук эмеспи?
Катуу чаалыгууну кадимки чарчоодон же жалкоолуктан айырмалоо анча татаал эмес. Адатта мындай учурларда адам бат өзүнө келет – ал бир-эки күндөн кийин дивандан турууга даяр болот, бүткүл апта үчүн уйкуну кандырууга дем алыш күндөрү толук жетиштүү.
Чарчоо – бул биринчиден убактысы боюнча узагыраак, 1-2 айга жана андан дагы алда канча көбүрөөк мөөнөткө созулган процесс, ал эми экинчиден, кыска мөөнөттүү эс алуу калыбына келүү үчүн жетишсиз болот. Мындай учурда эч болбоду дегенде толук кандуу эс алуу талап кылынат. Бул үчүн эки жумалык эс алуу аздык кылат.
«Эки жума ичинде мээ эс алууга жетишпейт, андыктан өргүү 30 календардык күнгө уланышы керек. Мугалим, медик, өрт өчүргүч сыяктуу айрым кесиптердин ээлерине эс алууга көбүрөөк убакыт талап кылынарын дагы эске алуу керек, ошондуктан алар жылына эки жолу эмгек өргүү алууга укуктуу. Болбосо алар чарчоого кабылат», - деп эскертет Ангелина Демильханова.
Эмне кылыш керек?
Азырынча сегиз саат – эмгек, сегиз саат – эс алуу, сегиз саат – уйкуга бөлүнгөн «8/8/8» алтын эрежесинен артык алдын алуу катары жаӊы эч нерсе ойлоп табыша элек. Жамааттын колдоосу дагы ашыкча болбойт – өзүн маанилүү, керектүү жана баалуу сезгенде адамдын өз күчүнө ишенүүсү тез калыбына келет.
Эгерде эмоциялык чарчоону эрте баскычта «байкап калсаӊыз», анда ал көйгөйдү иш тартибине тийишүү көӊүл буруу менен өз алдынча жеӊүүгө мүмкүн болот. Ал үчүн уйкуну жакшы кандыруу, тамактанууну жөнгө салуу, кыймыл-аракетти жандандыруу жетиштүү. Ал эми бир кыйла оор учурларда медикаменттик дарылоо дайындай турган адиске кайрылууга туура келет. Себеби эмоциялык чарчоо тереӊ депрессияга өтүп кете турган учурду өткөрүп жиберүү тобокелдиги бар.
«Албетте эгерде жетекчи кызматкерди сактап калгысы келсе, анын психикалык абалына кам көрүүгө тийиш. Көпчүлүк уюмдар семинарларды жана тренингдерди өткөрүшөт, кызматкерлер гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрү дагы катыша ала турган психотерапевт сессияларын сатып алышат. Мындай кадамдар эӊ туура: адистердин натыйжалуулугу жана өндүрүмдүүлүгү канчалык жогору болсо, компания ошончолук жакшыраак иштейт», - деп эксперт сөзүн жыйынтыктады.